Кыргызстандын археологиясы

Кыргызстандын археологиясы — азыркы Кыргызстандын аймагындагы археологиялык изилдөөлөрдүн жана табылгалардын жыйындысы.

Кыргызстандагы таш доорунан калган эстеликтердин ордулары (А.Абдыканова, К.Акматов)

Таш доору (2 млн. 600 - 4 миң жылдыктар) түзөтүү

Палеолит (2 млн.600 - 10 миң жылдыктар) түзөтүү

 
Кыргызстандагы эң биринчи 1953-жылы палеолиттик таш курал табылган Он-Арча жергеси. К.Табалдиевдин фотосу.

Байыркы палеолит (2 млн.600 – 120 миң жылдыктар) түзөтүү

Кыргызстандан жергеси байыркы адамзат калыптанган жерлердин катарына кошулат. Баткен облусундагы, Кадам-Жай районуна караштуу, Айдаркен кыштагына жакын жайгашкан Сел-Үңкүрдө байыркы таш доорунда жашаган байыркы адамзатынын тиштери табылган. Сел-Үңкүрдөгү сөөк калдыктар жана таш куралдар ашель дооруна, башкача айтканда мындан 800-120 миң жыл мурдагы мезгилге таандык. Антрополог изилдөөчүлөр ал тиштерди азиялык Homo erectus тегиндегилерге таандык деп аныктап, Сел-Үңкүр азыркы учурда Борбордук Азиядагы эң байыркы адам тиши табылган эстелик деп жарыяланды. Кыргызстан аймагында ашель доорунда Азиядагы питекантроп жана синантороптор менен мезгилдеш байыркы адам түрлөрү жашаган деген пикир жаралды.

 
Сел-Үңкүрдө табылган тиштер


Археологиялык казууда табылган куралдар ар кандай эмгек процессине ылайыкташтырылып, даярдалган. Негизгилерине кыргыч сымал куралдар кирет, аны менен аңчылык учурунда өлтүрүлгөн жаныбарлардын этин кесүүгө жана терисин иштетүгө мүмкүн болгон. Башы учтуу куралдар сайуу, кесүү милдетин аткарып, найзанын башы, канжар, бычак катары колдонулган. Куралдар жыгач жана сөөктөрдү иштетүү үчүн пайдаланылган.

 
Ак-Өлөң, Капчыгай. К. Табалдиевдин топтогон коллекциясы табылгалары (тарткан Аида Абдыканова)


Ортоңку палеолит (120 - 40 миң жылдыктар) түзөтүү

Мустье доору же б.а. ортоңку палеолит мындан 150-120 миң жылдыктан тартып 40-35 миң жылдыктарга чейин созулган. Ушул учурда Евразияда физикалык түзүлүшү жагынан кыйла өнүккөн палеоантроп - Homo sapiens neandertal кеңири аймакта тараган. Өлгөн адамга болгон «өзгөчө мамиле – атайын көмүү» – калыптанышы келечектеги жалпы адамзат маданиятынын калыптаныш жолундагы жаңы сапаттуу баскычы катары мүнөздөлөт. Орто Азиядагы палеоантроптун - неандерталецтин сөөк калдыктары Өзбекстандагы Тешик-Таштан табылган. Мустье доорунун акыры менен жогорку палеолиттин ортосундагы өткөөл мезгилге (б.э.ч. 50-40 миң жылдыкка) таандык байыркы адамдын баш сөөгүнүн жана тиштеринин калдыгы 2003-жылы Чаткал тоо кыркасынын батыш этегиндеги, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймагында Обирахмат үңкүрүнөн табылган. Батыш Теңир-Тоо кыркасы Чаткал тоолору менен аяктайт. Обирахматта табылган адамдын кулак тушундагы сөөк Теңир-Тоо аймактарындагы адамзаттын калыптанышы боюнча жаңы пикирди жаратууда.

Жогорку палеолит (40 - 12 (10) миң жылдыктар) түзөтүү

 
Теке-Секирик табылгалары. К. Табалдиевдин 2012-жылда топтогон коллекциясы.

Жогорку палеолит доору баштагыдай Homo sapiens sapiens түрүнүн калыптануу мезгили эмес, анын маданиятынын калыптануу мезгили катары кабыл алынып калды. Борбордук Азиядагы жалпы табылгаларга караганда үй куруу, алгачкы үңкүргө сүрөт тартуу искусствосу, алгачкы диний ишенимдер, негизги расалык типтер калыптанган учур. Таштан, сөөктөн жасалган куралдардын түрлөрү даярдалган мезгил. Жогорку палеолитте иштетилген териден кадимкидей кийимдер тигилген. Орто Азиядагы жогорку палеолит доорундагы белгилүү эстеликтеринин бири Ходжа-Гор. Кыргызстан менен Тажикистан чек арасындагы Исфара суусунун өрөөнүндөгү Ходжа-Гор жогорку таш доорундагы мергенчилердин, ташты иштетүүнүн, курал жасоонун бардык түрү мүнөздүү кыска убакыт аралыгындагы сезондуу турагы болгон. Соңку жылдары жогорку палеолитке таандык таш куралдар Кадамжайдагы Капчыгай, Үйташ-Сай, Кочкор өрөөнүндөгү Калмак-Таш, Нарындагы Теке-Секирикте табылды.

 
Нарын шаарынын чыгыш тарабындагы Теке-Секирик эстелиги. 2012-жылдагы К.Табалдиевдин фотосу.

1978-жылы Кыргызстандын чыгыш тарабында жайгашкан Ак-Чуңкур үңкүрүндөгү сүрөттөрдү изилдеген Л.М. Мосолова жаңы пикир жараткан. Окумуштуу Ак-Чуңкурдагы неолит дооруна таандык деп эсептелген сүрөттөрдү Евразиядагы жогорку палеолит сүрөттөрүнө жакын деп эсептейт. Эгерде бул пикир кошумча изилдөө аркылуу такталса, Кыргызстан жергеси байыркы искусство калыптанган аймактардын катарына кошулат.

Кыргызстанда палеолит доорунун эстеликтери адамзаттын тарыхынын алгачкы учурун көп тараптуу далилдөө үчүн көөнөргүс булак катары пайдаланылууда. Мезгил өткөн сайын максаттуу изилдөөлөр учурунда жаңы эстеликтер ачылып изилдөө алкагы кеңейүүдө. Соңку мезгилде палеолиттик эстелик Талас өрөөнүндөгү Күмүштаг суусунун ортоңку агымына жакын жерден табылды. Жаңы табылга сапаттуу кочкул кара өңдөгү таш тегинен жасалган. Кыргызстанда сапаттуу оттук таш теги жайгашкан аймактарда таш доорунун эстеликтерин изилдөө келечектүү.

Мезолит (ортоңку таш доору) - б.з.ч. 11 500-7 миң жылдыктар аралыгы түзөтүү

 
Кыргызстандагы мезолит доорунан калган эстеликтердин ордулары

Ортоңку таш доору – мезолит мезгили адамзаттын турмушунда зор өзгөрүүлөр менен коштолгон учур. Биринчи кезекте бүткүл жер шарындагы климаттын кескин өзгөрүшү менен коштолгон мезгилде жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсү жаңы шарт байыркы адамзаттын турмуш-тиричилигин өзгөрткөн. Климаттык шарттын өзгөрүшү мезолит доорунда жашаган байыркы уруулардын тагдырына көп жактуу таасир тийгизген. Археологияда мезолит деп аталган б.э.ч. 12-7 миң жылдыктар арасы геологиялык мезгил эсептөөдө кабыл алынган голоцен деп аталган мезгил менен удаалаш.

Кыргызстанда терең изилденген мезолиттик эстеликтерге Баткен облусундагы Сох суусунун жогору агымы тараптагы Обишир I-V үңкүрлөрү кирет. Ар бир үңкүрдө археологиялык казуу жүргүзүлүп, Обишир V деп аталган үңкүрдө мезолиттик, неолиттик катмарлар ачылган. Мезолит дооруна таандык Кыргызстандагы көрүнүктүү эстелик Таш-Көмүр үңкүрү болуп саналат. Таш-Көмүр шаарына жакын жерде, Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу алдында изилденген. Үңкүрдүн оозунун узундугу 14 м, туурасы 6,5 м, бийиктиги 6 м. Үңкүрдү казуу учурунда мергенчилик, тери иштетүү ж.б. тиричиликке керектелүүчү таш куралдар табылган.

Неолит (жаңы таш доору) - б.з.ч. 6-4 миң жылдыктар аралыгы түзөтүү

 
Айгыржал-2 табылгалары. Б.з.ч. 11500 - 11700 миң. (Нарын археол. экспедиясы 2013-2014).

Жалпы мүнөздөмөсү боюнча неолит доорундагы ийгиликтер ташты иштетүүнөн жаңы ыкмаларынын пайда болушу (жылмалоо, бургулап тешүү), эмгек куралдарынын жаңы түрлөрүн ойлоп табылышы (балта, көзөөч, кетмен, жаргылчак, орок), чоподон жасалган идиштин пайда болушу, токуучулуктун жана чана өңдүү унааны пайдалануу, ыйгаруучу чарбадан өндөрүүчү чарбага өтүү менен байланыштуу. Неолит доорундагы эстеликтер Кыргызстанда таш куралдар жасоочу таш тектери кездешкен жерлерде көп табылууда. 2012-жылы Нарын шаарынын батыш тарабындагы Айгыржал жана Аламышык жергелеринен неолит дооруна таандык археологиялык маданий катмар ачылды. Куралдар халцедон деп аталган сапаттуу таш тегинен жасалган.

Кыргызстандагы неолит маданияты микропластинадан курал жасоо ыкмасын кыйла өнүктүрүшкөн. Сай таштардан курал жасоо жокко эсе. Ушул учурдагы адамдар бийик тоолуу аймактардагы кийиктерге – аркар-кулжага, эчки-текеге аңчылык үчүн алыска ата турган куралга — жаа жана жебеге муктаж болгон. Торугарттан, Соң-Көлдөн табылган жаа жебелери мергенчилик тиричилиги гана эмес, кылдат жонулган сапаттуу жебе жасоо ыкмасынын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Обишир маданиятындагы неолиттик катмардан жапайы дан өсүмдүктөрүн, чөптү оруу учун жасалган таш ороктордун табылышы чоң жаңылык болуп эсептелет. Бул табылга өндүрүүчү чарбанын калыптана баштагандыгын далилдеген маалыматтардын бири. Кыргызстанда жайгашкан Обишир үңкүрүндөгү бул маалымат абдан маанилүү.

Энеолит (жез-таш доору) – б.э.ч. IV- III (II) миң жылдыктар аралыгы түзөтүү

Кыргызстанда азыркы мезгилге чейин энеолит дооруна жана эрте коло дооруна таандык эстеликтер ачылып изилдене элек. Бирок келечекте ачыларында шек жок, анткени, Саймалы-Таштагы күн баштуу сүрөттөр Алтайдагы энеолиттик каракол маданиятындагы сүрөттөр менен жакындыгы бар. Ал эми денеси эки үч бурч сымал жаныбарлар сүрөтү батыштагы энеолиттик Суз маданиятынын сүрөттөрүнө жакын.


Коло доору (б.э.ч. III (II) миң жылдыктан – I миң жылдыктын башы) түзөтүү

 
Кыргызстандагы коло доорунан калган эстеликтердин ордулары.

Б.з.ч. 4-3 миң жылдыктагы адамзат коомдорунун ири жетишкендиги болуп тартып адамзат колону пайдалана баштайт.

Кыргыз жергесиндеги коло доору шарттуу түрдө андрон жанан чуст археологиялык маданияттары аркылуу таанылган эки маданий аймак аркылуу мүнөздөлөт. Эки археологиялык маданият чопо идиштеринин көлөмдөрү, ага түшүрүлгөн оюулары, чарба жүргүзүү өзгөчөлүктөрү, маркумду көмүү адаттары, метал өндүрүү деңгээли, турак-жайлары боюнча айырмаланат. Бирок археологиялык маданияттар аркылуу жактан айырмаланган, байланышсыз жасаган, байланышсыз эки этникалык топтордун маданияты катары кароо туура эмес. Бул пикир Ысык-Көлдө чуст маданиятына мүнөздүү бети боёк менен кооздолгон чопо идиш калдыктары табылгандан кийин жаралды.

Кыргызстандагы коло доорунун эстеликтеринен металлды өздөштүрүү, көчмөн мал чарбачылыктын калыптанышы, отурукташып жер иштетүүнүн өнүгүүсү, диний ишенимдер менен байланыштуу каада-салттардын татаалданышы менен байланыштуу маалыматтар табылган. Кеңири өздөштүрүлгөн металл болгон колодон тиричиликке керектүү куралдар гана эмес аскер куралдары, кооздуктар жасалган. Металлдан жасалган жаныбарлар скульптуралары аркылуу кийинки темир доорундагы айбанаттар стилине чыйыр салына баштаган. Ошондой эле чопо идиш бетине түшүрүлгөн оюулар ага чыгармачыл мамиле жасоо аркылуу жетишишкен. Азыркы мезгилдеги орчундуу маселелердин бири Кыргызстандагы эстеликтердин Борбордук Азиянын чыгышындагы афанасьев, окунев, карасук өңдүү археологиялык маданияттар менен болгон байланыштарын талдоо болуп саналат. Аталган археологиялык маданияттардын эстеликтери Кыргызстан аймагында табылбаганы менен алардын кийинки эрте темир доорундагы байыркы көчмөндөр маданиятынын түптөлүшүндө жалпы андрон, чуст, бегазы-дандыбай маданияттарындай эле салымы болгон. Коло доорунун акырында Кыргызстан аймактарына чыгыштан херексур жана бугу таштарын алып келген көчмөн калктардын маданияттары тарап, Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардагы эрте темир доорунун калктарынын калыптанышына күчтүү таасир тийгизишкен.

Андрон тарыхый-маданий бирикмеси түзөтүү

Андрон тарыхый-маданий бирикмеси б.з.ч. III миң жылдыктан тартып I миң жылдыктын башына чейинки мезгилге таандык археологиялык маданият. Андрон маданиятынын эстеликтери Урал түштүгүндө, Казахстанда, Батыш Сибирде, Теңир-Тоодо (Тянь-Шанга) жана, Түштүк Таджикстанга, Афганистанга, Түндүк Пакистанга чейинки аймакта кездешет. Алар ушунча кең аймакта бири-бирине окшош маданияты болгон. Ошондуктан бир археологиялык маданиятк бириктирилип, биринчи табылган эстеликтин аты менен андрон маданияты деп аталып калган. Кийин айрым өзгөчөлүктөрү эске алынып андрон тарыхый-маданий бирикмеси деп аталып келе жатат. Кыргызстанда алакөл, феодоров маданияттарынын эстеликтери кездешет. Коло доорунун калкы көп сарамжалды талап кылбаган кой, эчки, жылкы, төө багышып, кийин жарым көчмөн турмушка өтүшкөн. Көрүстөн тобу, турак-жай сыяктуу эстеликтердин аздыгына караганда аз-аздан өз алдынча топ болуп жашашкан. Палеозоологдордун изилдөөсү боюнча андрон маданиятынын курамына кирген эстеликтерде тамак-аш 60-70% уй эти, 10% кой эти, жылкы эти 20-30% түзгөн. Чопо идиш калдыктарына карап сүт азыктарынын молдугу болжонот. Жылкынын үч теги анык: бою кыска, бышык, монгол тибиндеги бою 128-136; бою бийик (126-152 см.); жогорку породадагы, буттары ичке, башы кичине, узун моюн аттар болгон.

 
Кочкор жерегсинен табылган коло дооруна таандык чабандес жана жылкы сүрөтү. К. Табалдиевдин табылгасы.

Б.з.ч. XV кылымдан андрон маданиятынын гүлдөгөн учурунан тартып бекемделбеген турак жайлар пайда болот. Айрым турак жайлар жарым жертөлө сымал болгон. Жыгачтан жасалган турак-жайлары боз үй сымал формада болгон.

Кыргызстанда тоо-кен өндүрүшү ортоңку палеолит доорунан башталган. Байыркы адамдар таштын сапаттуу тектерин атайын издеп таап, курал жасашкан. Алар алгачкы кеңири пайдаланылган жез жана анын кошулмаларын таап өндүргөндү жакшы өздөштүрүшкөн. Жергиликтүү усталар балта, кескич, тешкич, көзөөч, шибеге, жонгуч, күзгү, найза, илгич, ийне, орок, өңдүү сапаттуу куралдарды жасашкан. Чүй өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдардын салыктары (клады) жана Казакстандын түштүгүндөгү табылгалар коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмаларынын болгондугу далилденген. Ал ыкмага ылайык евразиялык археологиялык адабиятта «Жети-Суу металл иштетүү очогу» деген түшүнүк киргизилген.

Андрон тектүү маданияттын көрүнүктүү жетишкендиги карапа идиш жасоо менен байланыштуу. Табылган чопо идиштер карапачылардын чопону ийлеп даярдоо чеберчилиги гана эмес алардын оймо аркылуу чагылдырылган көркөм өнөрү тууралуу кабар берет. Алар карапага учту, тарак сымал тиштүү куралдар менен түшүргөн. Утурумдук турмушта пайдаланылган карапа идиштердин бир бөлүгүндө оймо түшүрүлгөн эмес. Экинчи бөлүгү чийүү, кесүү, оюуу аркылуу тыкан, туруктуу оюмолор менен аркылуу кооздолгон. Чопо идиш бети чанда боёк менен боёлгон. Коло доорундагы орнаменттер улам кийинки муунга өтүп, улам жаңы мотивдер аркылуу байып жүрүп отурган. Оюуулар кийинки жүз жылдыктарда, миң жылдыктарда карападан териге, кийиз, шырдакка көчөт. Айрымдары кыргыздардын шырдак-килем, туш кийиздеринде, кийимдеринде жана көркөм искусство жасалгаларында туруктуу орун алып, байыркы мурас энчиси катары улантып келе жатат. Ал эми андрон тектүү уруулар Теңир-Тоого келип, жаңы жерди өздөштүрө баштаган учурундагы мезгилдеш жашаган уруулар менен болгон байланышы азыркы учурда такталып жатат. Алар Фергана, Алай, Чыгыш Түркстанда, Жети-Сууда жашаган калктар менен байланышта болгон. Археологиялык далилдер боюнча Казахстандын түштүгүндөгү коло доорунун эстеликтери менен Теңир-Тоодогу эстеликтер теги жагынан бири-бирине абдан жакын. Ысык-Көлдө табылган чуст маданиятына жана анын урпактарына мүнөздүү боёлгон чопо идиштердин сыныктарынын табылышы кокусунан эмес. Ошону менен бирге чуст маданияты тараган аймакта андрон маданиятына мүнөздүү табылгалар ачылган. Көптөгөн окумуштуулар баштадан бери белгилеп келе жатат. Ал тууралуу Ю.А.Заднепровский өзүнүн акыркы эмгектеринин биринде белгилеп кеткен.

Чуст маданияты түзөтүү

1950-1952 жылдары А. Н. Бернштамдын жетекчилиги менен Памир - Фергана комплекстүү экспедициясы уюштурулган. Экспедициянын М.Э.Воронцов жетектеген тобу Чуст шаарына жакын жерден коло дооруна тиешелүү турак-жайлардан (поселение) ордун табышып, Фергана өрөөнүндөгү коло доорунун эстеликтеринин изилдөөгө жол ачышкан. Археологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда Чуст турак-жайлары анча чоң эмес кыштак болгон отурукташып, жер иштетип күн көргөн элдин бекемделген материалдык маданияты Дальверзин эстелиги менен бирдей. Чуст эстелигинин урматына кийин коло дооруна таандык Чыгыш Ферганадагы бир мүнөз эстеликтерди чуст маданиятынын эстеликтери деп атоо кабыл алынган. Коло доорундагы отрукташып жер иштетүү, мал чарбачылык менен күн көргөн уруулардын эстеликтери Чыгыш Ферганада изилдеген. Көпчүлүк Чуст маданиятынын турак-жайлары Яссы, Талды-Суу, Кара-Дарья дарыяларынын жээктеринен орун алган б.а. Фергана өрөөнүнүн күн чыгыш тарабынан орун алган. Чуст маданиятында табылган металл буюмдар спектралдык анализден өткөрүлүп алардын көпчүлүгү колодон куюлгандыгы такталган. Алардын бир тобу 3-7% олово, экинчи тобу 5% ашуун мышьяк кошулуп жасалган. Ошону менен бирге Ферганадагы колодо коргошун, висмут, сурьманын кошундусунун көп болушу мүнөздүү. Бул кошулмалар Фергана өрөөнүндө көп кездешкен. өзгөчө металл кошулмаларынын, өзгөчө куралдардын жасалышы,б өзгөчө чуст металлургиялык очогун бөлүп кароого мүмкүнчүлүк берет. Колодон эмгек куралдары(орок, көзөөч, бычак ж.б.), согуштук куралдар (найзанын башы, жаанын жебеси), ат жабдыктар (ооздук жана анын төңөлүгү), кооздук жана тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган.

Чуст маданияты кеңири тараган Фергана өрөөнүндө андрон маданиятына мүнөздүү эстеликтер белгилүү. Андрон маданиятына мүнөздүү чопо идиштин сыныгы Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегинен А.Н.Бернштам тарабынан табылган. Анын бетинде карагайдын бүчүрү сымал оюсу болгон. Мындан тышкары коло буюмдарында эки маданиятка мүнөздүү окшоштуктун болгондугунда баамдоого болот. Бул мисалдар эки маданияттын ортосундагы карым-катнаш маселесин изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эрте темир доору б.э.ч. VIII - б.э. V) түзөтүү

 
Кыргызстандагы сактардын доорунан калган эстеликтердин жайгашкан жерлери
 
Барскоон табылгасы. Сак доору.
 
Сак жоокери. Проф. Ю.С.Худяковдун реконструкциясы

Кыргызстан тарыхынын эрте темир доор учуру байыркы көчмөндөр деп аталган сак, массагет, усун, хунну, юэдж, кангюй урууларынын жана Даван мамлекетинин тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Аталган калктардын орто кылымдарда аты аталбаган менен алардын калтырган маданий мурастары сакталып калган. Ошону менен бирге алардын кийин Орто Азиядагы калктарынын калыптанышына, этникалык тарыхына тийгизген таасири зор. Демек, Орто Азия калктарынын бир тобу аталган байыркы калктардын мураскери болуп саналат.

 
Барскоон, Эсик табылгалары боюнча реконструкция. (К.Ш. Табалдиевдин реконструкциясы)

Сак маданияты негизинен Кыргызстандагы, Казахстандагы археологиялык эстеликтер аркылуу изилденет. Алардын учурунда калган кургандар, аска бетине тартылган сүрөттөрү, чопо-идиштери, айбанаттар стилинде жасалган кооз буюмдары музейлерде сакталып турат.


Усундар б.з.ч. II кылымда Дунхуан аймагында (районунда) жана Хуанхэ дайрасынын жогорку агымы тарапта жашап, II кылымдын ортосунда (болжолу б.э.ч. 160 жылдары) Чыгыш Теңир-Тоого ооп келип жергиликтүү калкты багындырып Или жана Иссык-Көл, Теңир-Тоо, Алай аймактарынан конуш алган. Археологиялык маалыматтарга карганда жергиликтүү сактардан калган журту усундар менен аралашып жашап кеткен. Сактардын жана усундардын археологиялык эстеликтери бири-бирине окшош. Кыргызстанда хуннулар-сарматтар учурундагы археологиялык эстеликтерди изилдеген археологдор Теңир-Тоодо, Жети-Суудагы хуннулар маданиятынын издерин таап чыгууга аракеттенишкен. А.Н.Бернштам Талас суусунун боюндагы Кенкол көрүстөндөрүн казгандан соң, ал эстелик гунндардан калган деп эсептеген. Окумуштуунун пикири боюнча «Кенкол көрүстөндөрүнүн табылгалары гунндардын Жети-Сууга бир канча ирет келип, жергиликтүү калк менен аралашуусун далилдеп турат» деп жазган. Бирок бул пикир кийин далилдүү маалыматтар менен толукталган жок. Этникалык жагынан алганда кенкол маданиятынын калкы кангүйлөр менен байланыштырылат. Көчмөн кангүйлөрдүн келбети Орлат эстелигинен табылган сөөк пластиналарда тартылган сүрөттөрдө даана чагылдырылган.

 
Жоокер сооту. Кеңкол маданияты


Монголиядагы, Забайкальедеги археологиялык изилдөөдө ачылган хуннулардын мүрзөлөрүнөн чыккан шырылган килем, шырдактары кыргыздардын шырылган шырдактарына абдан окшош болгон. Хуннулардын боз үй жасоо ыкмалары, аскер куралдары, диний ишенимдери кийинки орто кылымдагы түрк тилдүү калктардын маданиятында уланат.


Орто кылымдар (V к. акыркы чейреги – XVII) түзөтүү

 
Айкел. Петровкадагы элдик музей. К.Табалдиевдин фотосу.
 
Ортокылымдагы шаар урандысы. Археолог К. Табалдиевдин фотосу

Кыргызстандын ортокылымдардагы археологиясынын мезгилдерге бөлүнүшү:

  • Эрте орто кылымдар (V к. акыры - X)
  • Өнүккөн орто кылымдар (XI-XIV)
  • Кеч орто кылымдар (XV-XVII)


Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү


Адабият түзөтүү

  • Археолог К.Табалдиевдин Кыргызстан археологиясы боюнча даярдаган дарс тексттери
  • Бернштам.А. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Том 1-2. — Бишкек, 1997-1998.
  • История Киргизской ССР, том 1. — Фрунзе, 1984.
  • История кыргызов и Кыргызстана. — Бишкек, 2000.
  • Kafesoğlu. İ. Türk Milli Kültürü. — Ankara, 1984.

Калып:Кыргызстандын археологиясы