Жашы жетелектердин никеси

Жашы жетелектердин никеси – эки адамдын бирөөсү 18 жашка жете элек болуп никеге туруусу[1]. Жашы жете электердин никеси көп учурда расмий эмес, салттуу же диний ырымдар менен кыйылат. Мыйзамда 18 жашка чейинкилерге никеге турууга уруксат берилген учурлар болсо, жашы жетелектердин никеси юридикалык статуска ээ боло алат. Кыргыз Республикасында өзгөчө шарттарда 17 жаштагы жашы жете элек жарандарга нике кыйууга уруксат берилиши мүмкүн.

Колуктунун көйнөгүн кийген кичинекей кыздын сүрөтү эрте никени нормалдаштырат.

Жашы жетелектердин никеси - көбүнесе кыздарга таасир эткен гендердик феномен. Жашы жетелектердин никелери адам жана баланы басмырлоо, ошондой эле алардын укуктарынын бузулушу катары каралат, себеби жашы жетелек жубайлар макулдугун толугу менен эркин билдире алышпайт. Орточо статистикалык курактагы аялдарга караганда жашы жетелек кыздын кош бойлуулугу төрөт учурунда өлүмгө дуушар болуу коркунучу менен коштолот. Чоң аялдардын балдарына караганда жашы жетелек энелердин балдары көбүрөөк ооруйт. Турмушка чыккан жашы жетелек кыздар үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулуктун алдында алсыз болушат.

Жашы жетелек куракта турмушка чыгуу жана эне болуу - кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп, келечектеги турмушуна узак мөөнөткө чейин кедергисин тийгизип, жашоосунун сапатын начарлатышы мүмкүн.

Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасында мамлекеттердин өкмөттөрү баш кошуп жатышкан эки адамдын никеси алардын эркин жана толук макулдугу менен кыйылышын камсыз кылган мыйзамдарды, ошондой эле никеге турууга жол берилген эң төмөнкү курактык чекти белгилеген мыйзамдарды кабыл алып, аларды катуу сакташы керек деген шарт каралган[2] .
Кайсы жаш курагы нике кыйууга эрте болгону тууралуу пикирлер маданиятка, динге, элге жана жашаган заманына жараша айырмаланат. Көптөгөн кылымдар бою, заманыбызга жараша эрте деп кабыл алынган никеге дин, мыйзамдар жана үрп-адаттар тарабынан уруксат берилген [⇨]. Күнбүбүздө деле, кээ бир өлкөлөрдө жана аймактарда, нике үчүн мыйзамдуу минималдуу жаш 18ден төмөн; башкаларында кош бойлуулукка же башка өзгөчө жагдайларга байланыштуу ата-энесинин макулдугу менен 18 жашка чейинки никеге турууга жол берилет[3].

Жашы жете элек никеге туруунун себептери: жакырчылык, кызды калымга алуу салттары, жергиликтүү маданий каада-салттар, эрте никеге турууга уруксат берүүчү мыйзамдар, диний жана социалдык кысымдар, диний эрежелер, турмушка чыга албоодон коркуу, сабатсыздык, аялдардын акы төлөнүүчү жумушка орношуусуна тоскоолдуктар[4].

Эрте никеге эркек да, кыз балдар да кабылышат, бирок бала келиндердин саны эркектерге караганда кыйла көп, жана алардын көбү социалдык-экономикалык абалы оор үй-бүлөлөрдүн кыздары[5].

Жашы жете элек никеге туруунун себептери түзөтүү

ЮНФПАнын маалыматы боюнча, эрте никенин жайылышына шарт түзгөн факторлор: жакырчылык, гендердик теңсиздик, жер жана башка мүлккө болгон менчик маселелери, сексуалдык көзөмөл жана үй-бүлө ар-намысын, каада-салттарын жана маданиятын коргоо, никеси жок аялдардын коопсуздугун камсыз кылуу мүмкүн эместиги (өзгөчө согуш, ачарчылык же эпидемия убагында)[6]. Башка себептерге үй-бүлөлөр ортосундагы бийлик жана мамилелер маселелерин чечүү үчүн никени колдонуу кирет[6].

 
14 жашында өзүнөн 41 жаш улуу кишиге турмушка берилген Оурея.

Сеп жана калым түзөтүү

Кээ бир аймактарда кызга сеп берүү салты бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Экономикалык жактан кыйынчылыктары болгон ата-энелер кызынын жашына карабай, жетиштүү сеп болоор замат же ошол сепке мейил болгон күйөө бала чыгаары менен кызын кудалашып, күйөөгө берүүгө аракет кылышат.

Башка элдердин каада-салттарында кызга калым төлөп берүү - күйөө баланын ата-энеси нике кыйууга макулдугу үчүн кыздын ата-энесине акча же башка мүлк төлөп бериши керек болгон салт бар. Кээ бир өлкөлөрдө колукту канчалык жаш болсо, ошончолук чоң калым төлөнүшү мүмкүн. Бул көрүнүш кыздардын эрте турмушка чыгышына дагы өбөлгө түзөт. Келиндин ата-энеси оор каржылык абалда болгон учурларда кызын турмушка «сатып» андан чыгууну чечиши мүмкүн; кээ бирөөлөрү кыздарды алдын ала бир буюм жана үй-бүлө үчүн киреше булагы катары карашат[7]. Ошентип, кызды калымга алуу салты кээде эрте турмушка чыгууга гана эмес, балдарды сатууга да алып келет[8].

Куугунтук, жер которуу жана кулчулук түзөтүү

Эрте никеге туруунун санынын көбөйүшү согуштар, динге мажбурлоо, жергиликтүү тургундардын туткунга алынышы жана кулчулукка алынышы, депортация жана мажбурлап көчүрүү, массалык кармоо сыяктуу эң оор жана коркунучтуу кырдаалдарда байкалат. Мындай жагдайлардын көбүндө эркектер каза болуп же аялдарга караганда абакка көп түшүп, эркектердин саны азайганындан, кыздын ата-энеси күйөө баланыны башкалар алып кете электе, же башка бир нерсе болуп кете электе кызын эртерээк, күйөөгө берүүгө умтулушат.

Индияда жашы жете элек никеге туруунун жайылышынын негизги себеби, мусулмандардын басып алуусу болгон, ал мындан миң жылдан ашык мурда башталган. Баскынчылар көп учурда турмушка чыга элек индиялык кыздарды зордуктап же олжо катары ала качышкан жана эрте никеге туруу буга каршы коргонуу катары көрүлгөн[9].

Жакырчылык, социалдык кысым, коркуу жана коопсуздук түзөтүү

Социалдык жактан корголбогондук дүйнө жүзү боюнча жашы жете элек никеге туруунун негизги себептеринин бири болуп саналат. Кээ бир коомчулуктарда, мисалы, Непалда ата-энесинин үйүндө жашаган бойго жеткен кыздын ата энеси уят болобуз деп коомдук стигмадан коркушат. Дагы бир коркунуч зордуктоо болуп саналат, бул, башка неселер менен катар, зордуктун курмандыгынын турмушка чыгуу мүмкүнчүлүгү азайтат[10].

Өтө жакырчылыкта жашаган үй-бүлө үчүн кызы жүк болушу мүмкүн, эгер аны эртерээк күйөөгө берсе, үй-бүлө үчүн да, кыз үчүн да жеңилдик болот[11]. Эрте никени ата-энесинин үй-бүлөсү кызын багууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда, кыздын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуунун бир каражаты катары дагы кароого болот.

Эрте турмушка чыгуунун дагы бир себеби, ата-эненин кызынын физикалык коопсуздугунан коркуу жана күйөөсү аны зордук-зомбулуктан, бузукулуктан жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардан коргой алат деген үмүтү болушу мүмкүн[3]. Бирок, чындыгында жашы жете электердин алардан бир топ улуу эркектерге турмушка чыгышы мындай инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучун жогорулатат, ал эми никедеги аялдар СПИД же адам папилломавирусун жугузуп алуу ыктымалдуулугу бойдокторго караганда өйдө[3].

Узакка созулган куралдуу кагылышууларда жаш кыздар көбүнчө куралдуу күйөөсүнүн жанында аял коопсуз болот деген үмүт менен куралдуу күчтөрдүн мүчөлөрүнө же түрдүү куралдуу топтордун мүчөлөрүнө күйөөгө берилет; башка учурларда куралчан адамдар колуктусун күч менен тартып алышат[12].

 
1697-жылы Савойдун Мария Аделаида (12 жаш), Франциянын мураскери Луиге (15 жаш) турмушка чыккан. Бул нике саясий альянсты түзгөн.

Саясий жана финансылык мамилелер түзөтүү

Жаш балдардын никеси социалдык-экономикалык абалына жараша болушу мүмкүн. Бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде орто кылымдагы феодалдык Европанын аристократтары саясий максаттарда, үй-бүлөлөрүнүн саясий жана экономикалык байланыштарын чыңдоого балдарынын сүйлөшүп никеге тургузушкан[13]. Мындай нике маанилүү келишим катары каралып, анын бузулушу жубайлардын өздөрү үчүн да, алардын жакындары үчүн да эң оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн болгон.

Кыргыз Республикасындагы жашы жетелектердин никеси түзөтүү

Кыргыз Республикасында никеге турууга жол берген эң төмөнкү курактык чек 18 жаш. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу[14].

 
Кыргызстанда аялдар маршында эрте никеге каршы плакат алып чыккан активист

Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин никелеринин тарыхый, диний, этностук, социалдык жана адеп-ахлактык негиздери бар. Алар ата-энелердин макулдашуусу менен түзүлгөн никелер, кыз ала качуу, көп аял алуу көрүнүштөрү жана диний никелер менен коштолгон. Жашы жетелектердин никелеринин көпчүлүгү юридикалык жактан катталбайт, бирок дээрлик баары тең шариат боюнча кыйылат. Акыркы берилген маалыматтарга ылайык, Кыргыз Республикасында жашы жетелектердин никелери көбөйгөндөн көбөйүүдө[15] . 2015-жылы жүргүзүлгөн бир нече көрсөткүчтүү кластердик изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, Кыргызстандагы 15 жаштан 49 жашка чейинки аялдардын болжол менен 12,7% жашы жетелек курагында турмушка чыгышкан. Жашы жетелектердин никелери шаарга караганда айыл жергесинде көбүрөөк кездешет (айылдарда - 14,6% жана шаарда 9,2%), ал эми бай үй-бүлөлөргө (9,2%) караганда жакыр үй-бүлөлөрдө (15,9%) эки эсе көптүк кылат[16].
Он жети жашка толо элек адамды иш жүзүндө никелик мамилелерге өтүүгө мажбурлоо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө, ал эми ала качуу он жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат[17] . Бирок жашы жетелектердин никелери алардын ата-энелеринин макулдашуусу менен кыйылгандыктан, никеге турууга мажбурлаган күнөөлүү адамдарды жазалоо механизмдери иш жүзүндө иштебей, натыйжада, ушул кылмыш ишинде катышкан адамдардын көпчүлүгү жазаланбай калышат.

Саясий маселелер түзөтүү

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда жашы жетелектердин никелерин өзгөртүү же жоюу боюнча катаал иш-чаралар көрүлө элек. Республикада бул көрүнүштүн себептери изилденбей, бул көйгөйдү чечүү боюнча стратегиялар иштелип чыга элек . Балдар катышкан никелерди мамлекеттик органдар да, ата-энелер да, дегеле, бүтүндөй коом да жашы жетелектердин укуктарынын одоно бузулушу катары карашбайт. Балдар катышкан никелерге байланыштуу көйгөйдү балдар дуушар болгон зомбулук жана алардын укуктары боюнча иш алып барышкан коомдук жана эларалык уюмдар көтөрүп чыгышат. 2011-жылы Кыргызстанда парламенттик угуулар болуп өтүп, аларда никени мамлекеттик органда юридикалык жактан каттагандан кийин гана диний негизде кыюу шартын мыйзамдаштыруу, эгер бул шарт сакталбаса жазапул менен жазалоо сунушталган. Бирок жазапулду төлөтүү боюнча майнаптуу механизмдер жок деген шылтоо менен бул мыйзам долбоорун сынга алышкан депутаттар мындай түзөтүүлөргө каршы чыгып, четке кагышкан. Бул мыйзам долбооруна Кыргызстандагы Диний башкармалыктын өкүлдөрү да каршы чыгышкан. Алардын айтымында, никени мамлекеттик органда юридикалык каттоосуз шарият боюнча кыюуга тыюу салуу исламга каршы келет. Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, мамлекеттик каттоодон айырмаланып, шариатта көп аял алууга жол берилет. Ошентип сунушталган түзөтүүлөр кабыл алынган эмес.

Нике курагы түзөтүү

Көпчүлүк өлкөлөрдө нике курагы 18 жашты түзөт. Өлкөлөрдүн көбүндө ата-энесинин жана/же соттун уруксатын талап кылган жашы жете элек балдарга өзгөчөлүктөргө бар. Бириккен Улуттар Уюмунун Калк Фондуна карата[18]:

2010-жылы 158 өлкө ата-энесинин же соттун макулдугусуз аялдар үчүн никеге туруу үчүн минималдуу курак 18 жаш экенин билдирген. Бирок 146 өлкөдө мамлекеттик мыйзам же салт 18 жашка чыга элек кызга ата-энесинин же башка бийлик органдарынын макулдугу менен турмушка чыгууга уруксат берет; 52 өлкөдө 15 жашка чыга элек кыздар ата-энесинин макулдугу менен турмушка чыга алышат. Эркектер үчүн 180 өлкөдө 18 жаш никеге туруу үчүн мыйзамдуу жаш. Кошумчалай кетсек, 105 өлкөдө эркек балдар ата-энесинин же тиешелүү бийлик органынын макулдугу менен никеге тура алышат, 23 өлкөдө 15 жашка чейинки эркек балдар ата-энесинин макулдугу менен турмушка чыга алышат.

Африка түзөтүү

Өлкө Эркектер Аялдар Кошумча
Алжир 19 [19]
Ангола 18 ата-энесинин макулдугу менен эркектерге 16 жаштан, аялдарга 15 жаштан[20]
Камерун 15 18
Мисир 21 ата-энесинин макулдугу менен 18 жаштан
Эфиопия 18
Кения 18 ата-энесинин макулдугу менен эркектерге 16 жаштан
Лесото 21 ата-энесинин макулдугу менен эркектерге 18 жаштан, аялдарга 16 жаштан.
Либерия 21 18 ата-энесинин макулдугу менен эркектерге 18 жаштан, аялдарга 16 жаштан.
Ливия 20 валийдин макулдугу жана соттун чечими менен төмөндөтүлүшү мүмкүн.
Маврикий 18 ата-энесинин макулдугу менен 16 жаштан
Мадагаскар 18 17
Мали 18 16
Мавритания 18 Мыйзамда белгиленген нике курагына карабастан, соттор жашы жете электерди никеге тургуза алышат
Марокко 18 Айыл жеринде нике курагынын критерийи дайыма сакталбайт, соттордун көбү бул мыйзамды карманбай, 18 жашка чыга элек аялдарга турмушка чыгууга уруксат беришет.
Мозамбик 18 ата-энесинин макулдугу менен 16 жаштан
Намибия 21 ата-энесинин макулдугу менен 18 жаштан
Нигер 18 15 ата-энесинин макулдугу менен андан эрте турмушка чыгууга болот
Нигерия 18
Сан-Томе жана Принсипи 18 ата-энесинин макулдугу менен эркетерге 16 жаштан. аялдарга 14 жаштан
Сенегал 18 16
Сомали 18 16 Аялдар үчүн камкорчунун макулдугу менен. Зарыл болгон учурда сот минималдуу жаш курагынан төмөндөтүүгө укуктуу.
Түштүк Африка 18 Нике мыйзамына ылайык (1961), бойго жете элек адамдардын никеге туруу үчүн ата-эненин макулдугу талап кылынат. 15 жашка чыга элек кыз жана 18 жашка чыга элек эркек турмушка чыгуу үчүн Ички иштер министринин атайын уруксаты талап кылынат.
Судан Половая зрелость Эки тараптын макулдугу керек
Түштүк Судан 18 Эки тараптын макулдугу менен
Свазиленд 21 ата-энесинин макулдугу менен эркетерге 18 жаштан. аялдарга 16 жаштан
Танзания 18 ата-энесинин макулдугу менен 14 жаштан
Того 20 17
Тунис 18 Экөөнүн тең жүйөөлүү себептери жана катуу кызыкчылыгы менен атайын соттун уруксаты менен
Замбия 21
Зимбабве 18 ата-энесинин макулдугу менен 16 жаштан

Азия түзөтүү

Өлкө Эркектер Аялдар Кошумча
Азербайджан 18 17 өзгөчө учурларда эркектер үчүн 17 жаштан, аялдар үчүн 16 жаштан
Армения 18 ата-эненин макулдугу менен 17 жашта, ал эми 16 жашка чыкканда ата-эненин макулдугу менен жана никеге турууну каалаган башка жубай 18 жаштан кем эмес болгондо жол берилет.
Ооганстан 18 16 Кээ бир учурларда кыздар 8 жашында турмушка чыгууга мажбур болушат
Бангладеш 21 18 Мыйзам боюнча жашы жете электердин никеси үчүн акчалай жаза каралган, бирок мындай нике жараксыз деп табылбайт. Бангладеште жашы жете электердин турмушка чыгуусу дүйнөдө эң жогорку деңгээлде. Ар бир 3 үйлөнүүнүн 2си жашы жете электердин никеси.
Бутан 18
Бруней 18 Ата-эненин макулдугусуз никеге туруу үчүн мыйзамдуу минималдуу курак областка, этникалык топко, диний топко же никенин формасына жараша өзгөрөт.
Грузия 18 ата-энесинин макулдугу менен 16 жаштан баштап
Камбоджа 16 13
Китай 22 20
Гонконг 21 ата-энесинин макулдугу менен 16 жаштан баштап
Индия 21 18
Индонезия 19 16 ата-эненин жана соттун макулдугу менен мыйзамдуу жаш курагынан жаштарга болот
Иран 18 15 соттун макулдугу менен эркектерге 15 жаштан, аялдарга 13 жаштан
Ирак 18 жарамдуулугу, физикалык жөндөмдүүлүгү жана камкорчунун макулдугу аныкталгандан кийин, соттун уруксаты менен 15 жаштан баштап
Израиль 18 өзгөчө учурларда 16 жаштан баштап сот тартибинде уруксат берилет
Япония 20 С согласия родителей для мужчин с 18 лет, для женщин с 16 лет
Иордания 18
Казакстан 18 17 16 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен
Кипр 18 никеге турууга олуттуу себептер болсо, 16 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен
Түштүк Корея 19 18 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен
Кувейт 17 15
Кыргызстан 18 Жүйөлүү себептер болгон учурда никеге турууну каалаган жаштардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн комиссиялык корутундусунун негизинде никеге туруу курагын бир жылдан ашпаган мөөнөткө (17 жаш) кыскартууга укуктуу.
Ливан 18 17 Шииттерге сот уруксаты менен эркектерге 15 жаштан, аялдарга 9 жаштан. Друздарга сот уруксаты менен эркектерге 16дан жана аялдарга 15тен.
Малайзия 21 18 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен. 16 жашка чыга элек мусулман кыздар шарияттын макулдугу менен турмушка чыга алышат
Мальдив 18 Салтка ылайык, нике курагы 15 жашты түзөт. Балдарды коргоо мыйзамы 16 жашка чейин никеге турууга тыюу салат.
Непал 20 18 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен
Түндүк Корея 18 17
Оман 18 Мыйзам боюнча минималдуу жаш 18 жаш болсо да, салт дагы эле 18 жашка чейинки никени тааныйт.
Пакистан 18 16 (18 в провинции Синд) Жаш балдарды никеге турууга тыюу салган мыйзамга карабастан, алардын практикасы кеңири жайылган. ЮНИСЕФтин отчетунда Пакистанда кыздардын 70% 16 жашка чейин турмушка чыкканы айтылат
Палестина 16 15 Ата-эненин макулдугу менен
Монголия 18
Филиппины 21 18 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен
Катар 18 16 Мыйзам менен бекитилген жаштан эрте ата-энесинин макулдугу менен үйлөнсө болот. Ата-эненин макулдугу менен никеге туруу үчүн минималдуу жаш курагы белгиленген эмес.
Сингапур 21 18 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен; 18 жаштан кийин атайын нике күбөлүгү менен.
Шри-Ланка 18 эгер алар мусулман болсо, нике келишимин түзүүдөн мурда никеге туруу үчүн Кадийден уруксат алышы керек
Сирия 18 Thomson Reuters Foundation[en] белгилегендей, жашы жете электерге нике 13 жаштан баштап түзүлөт
Тайвань 20 Мыйзамдуу өкүлдүн уруксаты менен эркектер үчүн 18 жаштан, аялдар үчүн 16 жаштан.
Тажикстан 18 17 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен
Таиланд 20 17 жаштан баштап ата-энесинин макулдугу менен
Бириккен Араб Эмирликтери 18
Түркия 18 17 жаштан ата-эненин макулдугу менен, 16 жаштан өзгөчө жагдайлар болгон учурда жана соттун уруксаты менен
Өзбекстан 18 Жүйөлүү себептер болгон учурда никеге турууну каалаган адамдардын арызы менен райондун, шаардын акими никеге туруу жашын 17ге кыскарта алат.
Вьетнам 20 18
Йемен 15 Human Rights Watch[en] шарият мыйзамдары боюнча никеге туруу үчүн мыйзамдуу минималдуу жаш курагы жок экенин белгилейт. БУУнун Статистика бөлүмү жашы жете элек никеге, "нике кандайдыр бир пайда" алып келген учурларда уруксат берилет деп белгилейт.

Европа түзөтүү

Нике курагы мыйзам боюнча Европанын дээрлик бардык өлкөлөрүндө 18 жаш деп белгиленген, Андорра, Мальта жана Шотландиядан башкасы, бул өлкөлөрдө - 16 (эки жыныс үчүн тең) жана Азербайжанда аялдар үчүн 17 жаш.

Өлкө Эркектер Аялдар Кошумча
Албания 18 [21][22]
Андорра 16 Соттун уруксаты менен 14 жаштан баштап[23]
Австрия 18 Ата-эненин уруксаты менен 16 жаштан баштап, бирок экинчи өнөктөш 18 жаш же андан улуу болушу керек.[24]
Беларусь 18 Өзгөчө кырдаалда 15 жаштан баштап[25]
Бельгия 18 18 жашка чейин соттун уруксаты менен, бирок астыңкы жаш курак белгиленген жок[26].
Болгария 18 Соттун чечими менен 16 жаштан баштап. Өзгөчө кырдаалдарда, ата-энелердин регионалдык сот менен сүйлөшүүдөн кийин 16 жашка чейин уруксат берилиши мүмкүн[27].
Хорватия 18 Соттун чечими менен 16 жаштан баштап.
Чех Республикасы 18 Соттун чечими менен 16 жаштан баштап.[28].
Дания 18 15 жашынан баштап "Конгебрев" ("падышанын каты") менен.
Эстония 18 Соттун уруксаты менен 15 жаштан[29][30]
Финляндия 18 18 жашка чейин өзгөчө жагдайларда кана, ата-эненин же камкорчусунун пикири угулгандан кийин, юстиция башкармалыгынын макулдугу менен. Иш жүзүндө ата-энесинин макулдугу талап кылынбайт.
Франция 18 Соттун жана ата-энесинин макулдугу менен 18 жашка чыкканга чейин
Германия 18 Соттун уруксаты жана ата-энесинин макулдугу менен 16 жаштан баштап
Гибралтар 18
Грекия 18 18 жашка чейин турмушка чыгыш үчүн, мындай никеге олуттуу негиздер болгондо, соттун уруксаты талап кылынат[31][32]
Мажарстан 18 Ата-энесинин макулдугу менен 16 жаштан баштап
Исландия 18 18 жашка чейин ата-энесинин жана Ички иштер министрлигинин уруксаты менен
Ирландия 18 16 жашка чейин соттун уруксаты менен[33]
Италия 18 16 жаштан баштап соттун уруксаты менен
Латвия 18 Соттун жана/же ата-эненин макулдугу менен 16 жаштан баштап
Литва 18 15 жаштан соттун уруксаты менен, 15 жашка чейин кош бойлуу болсо соттун уруксаты менен[34]
Люксембург 18 18 жашка чейин соттун уруксаты менен[35]
Нидерланды 18 Кош бойлуу болгон учурда, юстиция министринин уруксаты менен 18 жашка чейин; ата-энесинин макулдугу менен 16 жашка чейин[31][36]
Норвегия 18 Ата-энесинин (камкорчусунун) макулдугу жана округдун губернаторунун уруксаты менен 16 жаштан[37][38]
Мальта 16 [31][39]
Польша 18 Аялдар үчүн соттун уруксаты менен 16 жаштан баштап
Португалия 18 Ата-эненин уруксаты менен 16 жашта баштап, ата-энелерден алуу мүмкүнчүлүгү жок болсо уруксатты сот бере алат.
Румыния 18 Округдук бийликтин уруксаты менен 16 жаштан баштап[40]
Россия 18 Соттун уруксаты менен 16 жаштан баштап. Бирок ар кайсы региондордо эрежелер ар кандай[41]
Сербия 18 Соттун уруксаты менен 16 жаштан баштап
Словакия 18 Соттун уруксаты менен 16 жаштан баштап[42]
Словения 18 Ата-эненин уруксаты менен 15 жашта баштап
Испания 18 Соттун чечими менен 16 жаштан баштап[43]
Швеция 18 Округдук бийликтин уруксаты менен "өзгөчө себептер" болгон учурда 18 жашка чейин уруксат берилиши мүмкүн.
Швейцария 18 [44]
Украина 18 Өзгөчө себептер болсо, соттор 16 жаштан баштап уруксат бере алат[45]
Улуу Британия 18 Англия жана Уэльс: ата-энесинин уруксаты менен 16 жаш[46]

Шотландия: 16 жаш[47]

Түндүк Ирландия: ата-энесинин уруксаты менен 16 жаш (кээ бир учурларда уруксатты сот бере алат)[48]

Эскертмелер түзөтүү

  1. unicef.org. Child marriage. Child marriage threatens the lives, well-being and futures of girls around the world. 2022 (англ.) Текшерилген күн: 23.04.2023.
  2. Бала – «18 жашка чыга элек адам баласы, эгер ушул балага колдонулуучу мыйзам боюнча ал эрезеге эртерээк жете турган болбосо» / 1989-жылдагы БУУнун баланын укуктары жөнүндө конвенция.
  3. 3.0 3.1 3.2 Nour N. M. Child Marriage: a silent health and human rights issue (англ.) // Reviews in obstetrics and gynecology. — 2009. — Vol. 2, iss. 1. — P. 51—56.
  4. Child Marriage (англ.). ICRW. Текшекрүү күнү: 14.03.2023
  5. unicef.org A Note on Child Marriage (англ.) 3 бет. (июль 2012). Текшерилген күн: 23.04.2023.
  6. 6.0 6.1 UNFPA. Marrying Too Young: End Child Marriage (англ.) Текшерилген күн: 14.03.2023.
  7. Soraya, Tremayne. Modernity and early marriage in Iran: a view from within. (англ.) Текшерилген күн: 14.03.2023.
  8. Warner, Elizabeth. Behind the wedding veil: Child marriage as a form of trafficking in girls (англ.) // Journal of Gender, Social Policy & the Law : ж. — 2004. — том. 12,чыг. 2. — б. 233—247.
  9. Ralston H. Religious Movements and the Status of Women in India (англ.) // Social Compass. — 1991. — том. 38, ном. 1. — бет. 43—53.
  10. Thapa, Shyam. (2018). Girl child marriage in Nepal: Its prevalence and correlates. Contributions to Nepalese Studies 23(2):361-375, 1996. Текшерилген күн: 23.04.2023.
  11. US Department of State (2010).Targeting Girls in the Name of Tradition: Child Marriage (англ.) Текшерилген күн: 23.04.2023.
  12. Gaffney-Rhys, Ruth. International Law as an Instrument to Combat Child Marriage (англ.) // The International Journal of Human Rights : ж. — 2011. — Vol. 15. — P. 359—373.
  13. Shaha, Shulamith. The Fourth Estate: A History of Women in the Middle Ages. — Routledge, 1983. — P. 131—149. — ISBN 0-415-30851-8.
  14. Жүйөлүү себептер болгондо никеге турууну каалаган адамдардын жашаган жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары бул адамдардын өтүнүчү боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрдүн комиссиялык корутундусунун негизинде эркектер жана аялдар үчүн нике курагын бир жылдан ашырбастан төмөндөтүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси, 2003-жылдын 30-августу № 201.
  15. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, 14-берене.
  16. ЮНФПА, 2014.15-19 жашта төрөгөн аялдар тууралуу маалымат. Жашы жетелектерди мажбурлап никеге тургузуу фактылары боюнча катталган кылмыш иштеринин саны // КРдагы аялдар жана эркектер: статистикалык жыйнак / КРнын Улуттук статистикалык комитети.
  17. Многоиндикаторное кластерное обследование по оценке положения детей и женщин, 2015 год / ЮНИСЕФ, Нацстатком КР.
  18. unfpa.org Marrying Too Young. End child marriage. Текшерилген күн: 23.04.2023.
  19. Algeria — Factsheets — Youthpolicy.org. Текшерилген күн: 23.04.2023.
  20. Angola — Factsheets — Youthpolicy.org. Archived 2023-04-23 at the Wayback Machine Текшерилген күн: 23.04.2023.
  21. Gender Equality in Albania | Social Institutions and Gender Index (SIGI). Genderindex.org. Текшерилген күнү 14 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 30 Апрель 2013.
  22. Albania - Factsheets - Youthpolicy.org(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015.
  23. Children of Andorra(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015.
  24. Austrian Foreign Ministry -> Embassy -> Canberra -> Marriage in Austria(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Bmeia.gv.at. Текшерилген күнү 14 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  25. Кодекс о Браке и Семье РБ. Актуален в 2017 году - Белзакон.net(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). belzakon.net. Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2017.
  26. Articles 144, 145 and 148 of the Civil Code of Belgium.
  27. Family Code 01.10.2009(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).
  28. AION CS - info@aion.cz. Občanský zákoník (nový) — č. 89/2012 Sb. — Aktuální znění. Zákony pro lidi(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015.
  29. Riigi Infosüsteemi Amet. Formalizing a marriage(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015. Түп булактан архивделген күнү 6 -январь (үчтүн айы) 2016.
  30. Contraction of marriage(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015. Түп булактан архивделген күнү 28 -июнь (кулжа) 2015.
  31. 31.0 31.1 31.2 База данных Совета Европы по семейной политике. Социальная политика и семейное право: брак, развод и родительство Archived 2015-10-10 at the Wayback Machine
  32. Getting Married in Greece(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -июль (теке) 2015.
  33. Marriage In Ireland | Embassy of the United States Dublin, Ireland. Dublin.usembassy.gov (26 -сентябрь (аяк оона) 2012). Текшерилген күнү 14 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2013.
  34. Powered by Google Docs(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Docs.google.com. Текшерилген күнү 14 -январь (үчтүн айы) 2013.
  35. Mariage et adoption s’ouvrent aux couples de personnes du même sexe. Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015. Түп булактан архивделген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2015.
  36. free online translation Dutch Civil Code Book 1 family law(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015.
  37. LOV 1991-07-04 nr 47: Lov om ekteskap(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Lovdata.no. Текшерилген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2008.
  38. The Marriage Act (PDF)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2008.
  39. Malta- Factsheets - Youthpolicy.org(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015. Түп булактан архивделген күнү 13 -март (жалган куран) 2016.
  40. Codul familiei - Incheierea casatoriei(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). E-juridic.ro. Текшерилген күнү 27 -октябрь (тогуздун айы) 2008.
  41. helplinelaw. Russia Marriage Procedure In Russia, Lawyers, Law Firms Lawyer, Injury, Attorney in Russia(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Helplinelaw.com. Текшерилген күнү 14 -январь (үчтүн айы) 2013.
  42. Slovakia - Marriage - Cohabitation, Family, Rights, and Law - JRank Articles(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Family.jrank.org. Текшерилген күнү 14 -январь (үчтүн айы) 2013.
  43. Spain raises marrying age from 14 to 16. BBC News(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 28 -июль (теке) 2015.
  44. SR 210 Art. 94 A. Capacity to marry (Swiss Civil Code)(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Admin.ch. Текшерилген күнү 14 -январь (үчтүн айы) 2013.
  45. New Ukrainian law raises marriage age for women(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Текшерилген күнү 18 -октябрь (тогуздун айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 21 -ноябрь (жетинин айы) 2015. article on Radio voice of russia, April, 2012
  46. Legal Requirements - England & Wales - Weddings UK. Weddings.co.uk. Текшерилген күнү 14 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 9 Апрель 2010.
  47. National Records of Scotland - Getting Married in Scotland - What Was and Is The Minimum Age For Marriage in Scotland?(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Gro-scotland.gov.uk. Текшерилген күнү 23 -июль (теке) 2015. Түп булактан архивделген күнү 24 -июль (теке) 2015.
  48. OPSI(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы).

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси түзөтүү

  • 1. Баланын укуктары жөнүндө конвенция (1989-жыл). Маалымат булагы: http://www2.ohchr.org/english/law/crc.htm Archived 2010-06-11 at the Wayback Machine (кайрылган күнү: 12.05.2012).
  • 2. Пекин декларациясы жана иш-аракеттер платформасы. 1995-жылдын 4-15-сентябрында Пекин шаарында болуп өткөн Аялдардын бүткүл дүйнөлүк IV конференциясында кабыл алынган. Маалымат булагы: http://www.unwomen.org...web.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  • 3. 2003-жылдын 30-августундагы КРнын Эмгек кодекси, №201 мыйзам;
  • 4. Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер: статистикалык жыйнак, 2014 / КРнын Улуттук статистикалык комитети, ЮНФПА. – Бишкек, 2015.
  • 5. Анализ проблемы ранних браков и раннего материнства в Кыргызстане, 2013 / Правозащитное движение «Бир дуйно-Кыргызстан».
  • 6. Многоиндикаторное кластерное обследование по оценке положения детей и женщин, 2015 год / ЮНИСЕФ, Нацстатком КР. Маалымат булагы: http://www.mics2015.kg/index.php/ru/(жеткиликсиз шилтеме)
  • 7. Кыргыз Республикасы – жашы жетелектердин никеси, 2014-жыл / ЮНИСЕФ, КРнын Улуттук статистикалык комитети, (ЮНФПА)
  • 8. 1997-жылдын 1-октябрындагы КРнын Жазык кодекси, №69
  • 9. Аялдар дуушар болгон басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны аткаруу боюнча Кыргызстандын төртүнчү мезгилдик докладына жыйынтыктоочу эскертүүлөр. [Электрондук версия]. http://tbinternet.ohchr.org/_layouts/treatybodyexternal/TBSearch.aspx?Lang=Ru&CountryID=93&ctl00_PlaceHolderMain_radResultsGridChangePage=1_20