Гендердик теңсиздиктин индекси
Гендердик теңсиздиктин индекси (ГТИ) мүмкүнчүлүктөрдөгү теңсиздикти чагылдырган интегралдык көрсөткүч болуп саналат, ал репродуктивдик ден соолук, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эмгек рыногу боюнча гендердик теңсиздикти өлчөйт. Гендердик теңсиздиктин индекси 2010-жылы Женевада Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун Катчылыгы тарабынан киргизилген.
Индексти өлчөө методологиясы
түзөтүүГендердик теңсиздиктин индексин өлчөө методологиясы эркектер менен аялдардын ортосундагы теңсиздикти эске алуу менен түзүлгөн Адамдык өнүгүү индексинин (АӨИ) методологиясына окшош. Индекс нөлдөн (аялдар менен эркектердин толук тең укуктуулугу) бирге (бардык өлчөмдөрдө толук теңсиздик) чейин болушу мүмкүн. Гендердик теңсиздиктин индекси менен адамдык өнүгүүнүн жетишкиндиктерин бөлүштүрүлүшүнүн ортосунда корреляция бар. БУУӨПтүн маалыматы боюнча, гендердик теңсиздик жогору болгон өлкөлөрдө өнүгүүнүн жетишкиндиктерин бөлүштүрүүдө дагы теңсиздик байкалат. Индексти эсептеп чыгууда төмөнкү факторлор эске алынат: репродуктивдик ден соолук, күчтөндүрүү же мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана эмгек рыногуна катышуу. Өлчөмдөр өлкөнүн өнүгүүсүнө тиешелүү болбогондуктан, гендердик теңсиздик төмөн болгон, бирок өнүкпөгөн өлкөлөр деле жакшы натыйжа көрсөтө алышат.[1]
Репродуктивидик ден соолук
түзөтүүРепродуктивдик ден соолук эки көрсөткүч менен өлчөнөт: энелик өлүм коэффициенти жана өспүрүмдөрдүн арасында төрөт коэффициенти. Энелик өлүм коэфицентинин төмөн болушу кош бойлуу аялдардын ден соолук керектөөлөрүнө жеткиликтүүлүгү бар экенин билдирет жана аялдардын медициналык кызматтарга жетүүсүнүн жакшы көрсөткүчү болуп саналат. БУУӨП аялдардын кош бойлуу жана төрөт мезгилиндеги ден соолугу алардын коомдогу абалынын көрсөткүчү экенин билдирет.
Эрте жаштагы кош бойлуулук болсо энелердин жана ымыркайлардын ден соолугуна коркунуч келтирет, жаш аялдардын билим алуусуна тоскоолдук кылат жана келечекте алардын эң жакшы дегенде квалификациясыз жумушка орношуусуна алып келет.
Күчтөндүрүү
түзөтүүКүчтөндүрүү ченеми эки көрсөткүч менен өлчөнөт: ар бир жыныстагы депутаттык орундардын үлүшү жана жогорку билим деңгээли. Жогорку билим индекси аялдардын орто жана андан жогорку билимге ээ болушун өлчөйт. Жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү аялдардын коомчулукка катышуусун кеңейтүүгө керек болгон суроо берүү жөндөмдүүлүгүн жана маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу аркылуу эркиндигин кеңейтет.[1] Аялдардын билимге жеткиликтүүлүгү өлкөдөгү эрте жаштагы кош бойлуулуктун жана балдардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн.[2]
Экономикалык активдүүлүк
түзөтүүЭкономикалык активдүүлүк калктын коомдук өндүрүштө иштеген, башкача айтканда жумушчу күчүн билдирген бөлүгүндө аялдардын өкүлчүлүгүнүн деңгээли менен өлчөнөт.
Рейтингдер
түзөтүүКемчиликсиз гендердик теңчиликке ээ өлкө болбогондуктан, бардык өлкөлөр гендердик теңсиздиктин айынан адамдык өнүгүүдөн кандайдыр бир жоготууларга дуушар болушат.
Гендердик теңсиздик индекси гендердик теңсиздиктен улам жоголгон потенциалдык адамдык өнүгүү пайызын көрсөтөт. 2021-жылы дүйнөлүк орточо гендердик теңсиздик индексинин баллы 0,465 болду, бул гендердик теңсиздиктен улам потенциалдуу адамдык өнүгүүнүн 46,5% жоготуусун көрсөтөт.[3] Кыргызстан региондо эң жогорку көрсөткүчкө ээ, 2021-жылы бул көрсөткүч 0.370ке жетти.
БУУӨПтүн гендердик теңсиздик индекси маалыматтарынын негизинде 2019-жылдагы рейтингдер[3]:
ГТИ даражасы | АӨИ даражасы | Өлкө | ГТИ көрсөткүчү |
---|---|---|---|
1 | 2 | Швейцария | 0.025 |
2 | 1 | Норвегия | 0.038 |
3 | 11 | Финляндия | 0.039 |
4 | 8 | Нидерланд | 0.043 |
4 | 10 | Дания | 0.043 |
6 | 7 | Швеция | 0.045 |
6 | 14 | Бельгия | 0.045 |
7 | 23 | Түштүк Корея | 0.047 |
8 | 26 | Франция | 0.049 |
9 | 4 | Исландия | 0.058 |
10 | 22 | Словения | 0.063 |
11 | 23 | Тайвань | 0.064 |
12 | 23 | Люксембург | 0.065 |
12 | 11 | Сингапур | 0.065 |
14 | 18 | Австрия | 0.069 |
14 | 29 | Италия | 0.069 |
16 | 25 | Испания | 0.070 |
17 | 19 | Жапония | 0.075 |
18 | 38 | Португалия | 0.079 |
19 | 16 | Канада | 0.080 |
20 | 6 | Германия | 0.084 |
21 | 33 | Кипр | 0.086 |
21 | 29 | Эстония | 0.086 |
23 | 2 | Ирландия | 0.093 |
24 | 14 | Жаңы Зеландия | 0.094 |
25 | 8 | Австралия | 0.097 |
26 | 19 | Улуу Британия | 0.109 |
26 | 48 | Монтенегро | 0.109 |
28 | 35 | Польша | 0.115 |
29 | 32 | Греция | 0.116 |
29 | 43 | Хорватия | 0.116 |
31 | 31 | Бириккен Араб Эмирликтери | 0.118 |
31 | 53 | Беларусь | 0.118 |
33 | 14 | Израиль | 0.123 |
34 | 34 | Литва | 0.124 |
35 | 64 | Сербия | 0.132 |
36 | 27 | Чек Республикасы | 0.136 |
37 | 82 | Түндүк Македония | 0.143 |
38 | 73 | Босния жана Герцеговина | 0.149 |
39 | 85 | Кытай | 0.168 |
40 | 28 | Мальта | 0.175 |
41 | 37 | Латвия | 0.176 |
42 | 69 | Албания | 0.181 |
43 | 45 | Катар | 0.185 |
44 | 51 | Казакстан | 0.190 |
45 | 39 | Словакия | 0.191 |
46 | 17 | АКШ | 0.204 |
46 | 90 | Молдова | 0.204 |
48 | 56 | Болгария | 0.206 |
49 | 42 | Бахрейн | 0.212 |
50 | 52 | Орусия | 0.225 |
51 | 40 | Мажарстан | 0.233 |
52 | 74 | Украина | 0.234 |
53 | 64 | Кувейт | 0.242 |
54 | 81 | Армения | 0.245 |
55 | 43 | Чили | 0.247 |
56 | 105 | Ливия | 0.252 |
56 | 40 | Сауд Арабиясы | 0.252 |
56 | 58 | Барбадос | 0.252 |
59 | 62 | Малайзия | 0.253 |
60 | 47 | Бруней | 0.255 |
61 | 49 | Румыния | 0.276 |
62 | 55 | Уругвай | 0.288 |
62 | 106 | Өзбекистан | 0.288 |
62 | 62 | Коста-Рика | 0.288 |
65 | 95 | Тунис | 0.296 |
65 | 117 | Вьетнам | 0.296 |
67 | 70 | Куба | 0.304 |
68 | 60 | Оман | 0.306 |
68 | 54 | Түркия | 0.306 |
70 | 125 | Тажикстан | 0.314 |
71 | 99 | Монголия | 0.322 |
71 | 74 | Мексика | 0.322 |
73 | 88 | Азербайджан | 0.323 |
73 | 67 | Тринидад и Тобаго | 0.323 |
75 | 46 | Аргентина | 0.328 |
76 | 61 | Грузия | 0.331 |
77 | 58 | Багама | 0.341 |
78 | 66 | Маврикий | 0.347 |
79 | 104 | Тонга | 0.354 |
80 | 79 | Тайланд | 0.359 |
81 | 111 | Самоа | 0.360 |
82 | 95 | Мальдив | 0.369 |
82 | 120 | Кыргызстан | 0.369 |
84 | 93 | Фиджи | 0.370 |
85 | 124 | Сальвадор | 0.383 |
86 | 86 | Эквадор | 0.384 |
87 | 79 | Перу | 0.395 |
88 | 101 | Ямайка | 0.396 |
89 | 126 | Кабо-Верде | 0.397 |
90 | 86 | Сент-Люсия | 0.401 |
90 | 72 | Шри Ланка | 0.401 |
92 | 160 | Руанда | 0.402 |
93 | 114 | Түштүк Африка Республикасы | 0.406 |
94 | 57 | Панама | 0.407 |
95 | 84 | Бразилия | 0.408 |
96 | 92 | Лебанон | 0.411 |
97 | 110 | Белиз | 0.415 |
98 | 107 | Боливия | 0.417 |
99 | 129 | Бутан | 0.421 |
100 | 132 | Гондурас | 0.423 |
101 | 83 | Колумбия | 0.428 |
101 | 128 | Никарагуа | 0.428 |
103 | 91 | Алжир | 0.429 |
104 | 107 | Филиппин | 0.430 |
105 | 97 | Суринам | 0.436 |
106 | 130 | Намибия | 0.440 |
107 | 103 | Парагвай | 0.446 |
108 | 116 | Мысыр | 0.449 |
109 | 102 | Иордания | 0.450 |
110 | 142 | Непал | 0.452 |
111 | 121 | Марокко | 0.454 |
112 | 88 | Доминикана Республикасы | 0.455 |
113 | 137 | Лаос | 0.459 |
113 | 70 | Иран | 0.459 |
115 | 122 | Гайана | 0.462 |
116 | 100 | Боствана | 0.465 |
117 | 144 | Камбоджия | 0.474 |
118 | 147 | Мьянма | 0.478 |
119 | 113 | Венесуэла | 0.479 |
119 | 127 | Гватемала | 0.479 |
121 | 107 | Индонезия | 0.480 |
122 | 151 | Сирия | 0.482 |
123 | 131 | Индия | 0.488 |
124 | 185 | Бурунди | 0.504 |
125 | 173 | Эфиопия | 0.517 |
126 | 143 | Кения | 0.518 |
127 | 181 | Мозамбик | 0.523 |
128 | 119 | Габон | 0.525 |
129 | 150 | Зимбабве | 0.527 |
130 | 168 | Сенегал | 0.533 |
131 | 159 | Уганда | 0.535 |
132 | 148 | Ангола | 0.536 |
133 | 135 | Сан-Томе жана Принсипи | 0.537 |
133 | 133 | Бангладеш | 0.537 |
135 | 138 | Гана | 0.538 |
135 | 154 | Пакистан | 0.538 |
137 | 146 | Замбия | 0.539 |
138 | 170 | Судан | 0.545 |
139 | 165 | Лесото | 0.553 |
140 | 163 | Танзания | 0.556 |
141 | 153 | Камерун | 0.560 |
142 | 174 | Малави | 0.565 |
143 | 138 | Эсватини | 0.567 |
144 | 149 | Конго Республикасы | 0.570 |
145 | 167 | Того | 0.573 |
146 | 123 | Ирак | 0.577 |
147 | 182 | Буркина Фасо | 0.594 |
148 | 158 | Бенин | 0.612 |
148 | 172 | Гамбия | 0.612 |
150 | 175 | Конго Демократиялык Республикасы | 0.617 |
151 | 157 | Мавритания | 0.634 |
152 | 170 | Гаити | 0.636 |
153 | 162 | Кот-д'Ивуар | 0.638 |
154 | 189 | Нигерия | 0.642 |
155 | 182 | Сьерра-Леоне | 0.644 |
156 | 175 | Либерия | 0.650 |
157 | 169 | Ооганстан | 0.655 |
158 | 184 | Мали | 0.671 |
159 | 188 | Борбордук Африка Республикасы | 0.680 |
160 | 187 | Чад | 0.710 |
161 | 155 | Папуа Жаңы Гвинея | 0.725 |
162 | 179 | Йемен | 0.795 |
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ 1.0 1.1 Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, Human Development Report 2010; The Real Wealth of Nations, (англ.) 2010. Текшерилген күн: 25.03.2023
- ↑ M. Anne Hill and Elizabeth M. King, Women's Education and Economic Well-Being, Feminist Economics, (англ.) 1995. Текшерилген күн: 25.03.2023.
- ↑ 3.0 3.1 БУУӨП. GENDER INEQUALITY INDEX (GII) (англ.). Текшерилген күнү: 25.03.2023.