Мамлекеттик ипотекалык компания

Мамлекеттик Ипотекалык Компания Ачык Акционердик Коому - ипотекалык кредиттөө чөйрөсүндөгү бирден-бир ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

Мамлекеттик ипотекалык компания ААК
Түрү

Мамлекеттик компания

Негизделген жылы

08.05.2015

Мурдакы аталыштары

"Арзан турак-жай 2015-2020" мамлекеттик программасы

Негиздөөчүлөрү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

Жайгашкан жери

 Кыргызстан, Бишкек ш., Чынгыз Айтматов проспектиси 1

Маанилүү фигуралар

Балтабаев Темиркул Абдывахапович (Төрага)

Өндүрүшү

Турак жай куруу

Продуктулары

Батир жана жеке турак жай

Карыз

6 181 ⃀ (2024)

Активдери

42 537 786 ⃀ (2024)

Сайт

gik.kg/kg/

Максаты

түзөтүү

Кыргыз Республикасынын жарандарын арзан турак жай менен камсыздоо, ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мөөнөттүү туруктуу механизмдерин ишке ашыруу.

Миссиясы

түзөтүү

Ипотека рыногун өнүктүрүү, калктын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, коомдун өркүндөшү жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы үчүн турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерди чечүү аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу.

Келечектеги көрүнүш

түзөтүү

Өлкөнүн жарандарын жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү ипотеканын эсебинен турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуучу туруктуу өнүккөн ипотекалык уюм болуу. Мультипликативдик таасир аркылуу экономиканы жана курулуш индустриясын көтөрүүгө, өндүрүштүн көлөмүн өстүрүүгө, курулуш материалдарын сатууга жана калктын жумуш менен камсыз болуусуна колдоо көрсөтүү[1].

Каржы саясаты жана абалы

түзөтүү

Мамлекеттик турак жай саясатынын секторуна 138 миллионго жакын АКШ доллары (орточо 12 миллиард сом) тартылган. 1. Анын ичинен 34,9 миллион евро Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү тарабынан Германиянын KfW өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланган “Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо” программасын ишке ашыруу үчүн гранттык каражаттар. Программа үч фазага бөлүнөт: - I фаза 11 миллион евро толугу менен өздөштүрүлдү; - II фазада 9 миллион евро өздөштүрүлүп баштады; - III фаза 14,9 миллион еврону өздөштүрүү II фазадан кийин башталат. Бул каражаттар Бишкек жана Ош шаарларынан башка өлкөнүн аймактарында ипотекалык насыяларды берүүгө багытталган, кредиттөөнүн шарттары: жылдык 8%, 15 жылга чейин. 2. Сауд өнүктүрүү фонду “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында турак жай курууга 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кредит берет. Бишкек шаарында эң ири турак жай комплексинин курулушу башталды, анын баасы жарандар үчүн чарчы метри 550 доллардан ашпайт[2]. 30-ноябрь 2024-жылга карата Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын каржылык абалы боюнча маалымат төмөнкүдөй:

Активдер

түзөтүү

Кыргыз Республикасынын банктарындагы акчалай каражаттар: 2,275,348 миң сом (өткөн жылы - 1,331,589 миң сом). Кредиттер: 10,620,903 миң сом. Финансылык аренда боюнча кредиттер (лизинг): 1,819,289 миң сом. Башка активдер (анын ичинде курулуш активдери): 27,153,797 миң сом. Жалпы активдердин суммасы: 42,537,786 миң сом (өткөн жылы - 17,868,527 миң сом).

Милдеттемелер жана капитал

түзөтүү

Башка булактардан алынган зайымдар: 1,240,107 миң сом. Ички инвестициялар жана капиталдык салымдар: 4,563,039 миң сом. Уставдык капитал: 32,385,200 миң сом. Жалпы капитал жана милдеттемелердин суммасы: 42,537,786 миң сом.

Финансылык талдоо

түзөтүү

Компаниянын жалпы активдери 2024-жылы өткөн жылга (2023-жыл) салыштырмалуу дээрлик 2,4 эсе өскөн. Негизги өсүш кредиттердин жана активдердин көбөйүшү менен байланыштуу. Мындан тышкары, капиталдык салымдар жана уставдык капитал да жогорулаган[3].

Өнөктөштөр

түзөтүү

Директорлор Кеңеши

түзөтүү

Жетекчилер

түзөтүү

Булактар

түзөтүү
  1. https://gik.kg/kg/about-us/
  2. https://gik.kg/kg/achievements/
  3. https://gik.kg/media/%D0%A4%D0%B8%D0%BD.%D0%BE%D1%82%D1%87%D0%B5%D1%82_%D0%B7%D0%B0_%D0%BD%D0%BE%D1%8F%D0%B1%D1%80%D1%8C_2024%D0%B3.pdf
  4. https://kaktus.media/doc/499449_sovet_direktorov_v_gosipotechnoy_kompanii_obnovilsia.html
  5. https://kaktus.media/doc/329394_zamglavy_nacbanka_naznachili_predsedatelem_pravleniia_gosipotechnoy_kompanii.html
  6. https://kaktus.media/doc/414738_baktybek_shamkeev_yshel_s_doljnosti_predsedatelia_pravleniia_ayyl_banka.html
  7. https://ru.sputnik.kg/20190610/kyrgyzstan-gik-rukovodstvo-naznachenie-1044646886.html
  8. https://kabar.kg/news/glavoi-gosipotechnoi-kompanii-naznachena-aida-tologonova/
  9. https://kaktus.media/doc/486493_y_almambeta_shykmamatova_novaia_doljnost.html
  10. https://kaktus.media/doc/503506_naznachili_novogo_glavy_gosipotechnoy_kompanii.html