Ырчылар чыгармачылыгынын изилдениши

Кыргыз фольклору, кыргыздардын ыргактуу кеби жөнүндө 10-кылымдагы араб саякатчысы Абу Дулефтин айткандарынан тартып, атактуу Мулло Сайфаддин Аксыкентинин Манас жөнүндөгү маалыматтары белгилүү ченде ырчылык өнөргө карата табышмактуу түшүнүктөрдү пайда кылып, кызыгууну жараткан.
А. С. Пушкиндин досуАлексей Левшин үч бөлүктөн турган эмгегин жазып, Борбордук Азия элдеринин үрп-адаты, турган жери, тарыхы боюнча маалыматтар берген. Анда уруу башчысы бир жакка жөнөгөндө жана кайтып келгенде эшик ырчысы узатып ырдап, ырдап тосуп ала тургандыгын жазат.
Ч. Валиханов менен В. Радловдун ырчылар жана эпос айтуучулар жөнүндөгү жазгандары да ырчылык өнөрдү изилдөөгө кызмат кылган.
Атактуу Мухтар Ауезовдун, В. Жирмунскийдин, К. К. Юдахиндин, С. М. Абрамзондун, М. Богдановалардын ырчылар чыгармачылыгы жөнүндө изилдөөлөрү,ойлору, маалымат жыйноолору ырчыларды илимий изилдөөгө негиз салды.
Жаңы мезгилде акын-жазуучулар А. Токомбаев, Ж.. Бөкөнбаев, К. М аликовдор да ырчылардын ыр жыйнактарын изилдешип, изилдөө иштерине өз салымдарын кошушкан.
Белгилүү окумуштуу Тазабек Саманчин Молдо Кылычтын чыгармачылыгын изилдеп, эмгектер жазган.
Согуштан кийинки мезгилде адабиятчы-окумуштуу Жаки Таштемиров Токтогулдун, Тоголок Молдонун, Барпынын чыгармачылыгы боюнча монографиялык изилдөөлөр жүргүзүп, көптөгөн эмгектер жараткан. Токтогулдун чыгармачылыгы боюнча гана беш китеп жазып, акындын чыгармачылыгы боюнча маанилүү илимий ойлорду жараткан.
Айтылуу философ Б. Аманалиев ырчылардын философиялык, социалдык түшүнүктөрүн кеңири изилдеп, изилдөөчүлөрдө илимий туура түшүнүктөрдүн калыптанышына түрткү берди.
Дагы бир философ окумуштуу К. Молдобаев ырчылардагы элдик демократтык көз караштардын табиятын, принциптерин изилдөө менен ырчылардын идеалары түрдүү багыттагы изилдөөлөр үчүн түгөнгүс кенч экендигин далилдеген.
Көрүнүктүү адабиятчылар Ш. Үмөталиев, С. Байходжаев, С. Закиров, Б. Кебековалар ырчылык өнөрдүн маанилүү маселелерин изилдешип, 1988-жылы “Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерктерин” чыгарууга жетишишкен.
Бирок изилдөө улам мезгил өткөн сайын өзүнүн жаңы талаптарын, сапаттык деңгээлин күн тартибине коет. Бул жагынан белгилүү адабиятчы К. Даутовдун Барпы жөнүндөгү изилдөөлөрү дал ошол талаптарга жооп бере турган деңгээли менен айырмаланат.
Ал эми академик А. Эркебаевдин жаңы эмгеги ырчылар чыгармачылыгын изилдөөнүн жаны маселелерин козгойт. Дал ошол маселелер жөнүндо Ч. Айтматов андан жети жыл мурда Жеңижоктун ырларынын бир томдугуна жазган киришүү макаласында кыргыз адабиятчыларынын алдына дал ошондой маселелерди изилдөө зарылдыгын милдет катары туюнткан эле
Албетте, ырчылык өнөрдүн табышмактуу, психологиялык, философиялык маселелери али изилдөөнү күтүп жатат. Башка өлкөлөрдөн кыргыз ырчыларынын чыгармачылыгы уникалдуу көрүнүш экенине көзү жеткен илимпоздор 1928-жылы эле түркологдордун Эл аралык конференциясына Осмонкул ырчыны чакыршкан. Ал эми 60-жылдары ошол сыяктуу эле эл аралык симпозиумга Саякбай Каралаев барып келген
Андай окуялар чет өлкөлүктөрдүн акылга сыйбас көрүнүштөрдү кыргыз өнөрпоздорунун чыгармачылыгын жакындан көрүү аракетинен улам келип чыккан десек да, алардын кызыгуусу биздин илимпоздордун, ырчылардын талантын,ой жүгүртүүсүн, психологиясын изилдешине түрткү берүүсү керек эле. Андай болбоду.
Ошол эле жылдары “Советский Союз” деген дүйнөнүн 17 тилинде чыгып турган эл аралык журналга Чыңгыз Айтматов атактуу манасчы Саякбай Каралаевдин чыгармачылыгы жөнүндө “Ал океан сындууМанастын” жарым миллион сабын жатка билет” деген ашкере даңазалап-үгүттөөчү макала жазды. Бирок макала Саякбайдын чыгармачылыгы боюнча жазылган ондогон эмгектерге караганда таасирдүү болгон.
Бирок бул фактылар, алар жөнүндө жазылган маалыматтар канчалык мыкты болбосун, алар ырчылардын чыгармачылыгы жөнүндөгү чыныгы илимий изилдөөлөр эмес эле. Ошол эле учурда ырчылар жөнүндө жазылган эмгектерде, негизинен, өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндөгү маалыматтар, чыгармаларынын жазма адабиятка мүнөздүү талдоо сыяктуу стреотип көрүнүштөр арбын эле.
Демек, ырчылык өнөрдү изилдөөнүн чыныгы илимий маселелери, уникалдуу табияты жөнүндөгү ойлор, көз караштар, бүтүмдөр али алды жакта десек талашсыз чындык болмокчу. Албетте, аталган эмгектер дал ошондой изилдөөлөргө өбөлгө түзүп, багыт берет. Анткени жаралган эмгектердин сапаттуу жакшы жактары менен да, кемчил жактары да мындан аркы сапаттык деңгээлдин жаралышына бирдей кызмат кылат десек болот.


П. Ирисов Ырчылар чыгармачылыгы Б. 2004