Бириккен Улуттар Уюмунун Баш Ассамблеясынын 68/262 чечими

Башкы Ассамблеясы
БУУнун 68/262 чечими
Датасы: 27-март 2014 жылы
Коду:  (документти)

Добуш берүү: Макул: 100 Калыс.: 58 Каршы: 11
Темасы: Украинанын Чек-ара туташтыгы
Жыйынтыгы: Кабыл алынган

Чечим боюнча добуш берүү картасы::
     Макул      Каршы      Калыс      Катышпагандар      Крым

Украина туташтыгы тууралуу БУУнун Баш Ассамблеясынын A/RES/68/262 чечими — 2014-жылдын 27-мартында БУУнун Баш Ассамблеясынын 68-сессиясынын 80-пленардык жыйынында кабыл алынган документти. Чечимге ылайык, БУУнун Баш Ассамблеясы Украинанын эл аралык таанылган чек арадагы эгемендигин жана чек ара туташтыгын тактап, Кырым Автономиялык Республикасы менен Севастополь шаарынын 2014-жылдын 16-мартында өткөн жалпы кырымдык референдумунун натыйжаларына негизделген статусун өзгөртүү жөнүндө кабыл алынган, эч кандай юридикалык жактан жарактуу документти тааныбайт.

Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин ичинен 100 мамлекет документтин кабыл алуусун колдоп «Макул» добушун беришкен , 11-и «Каршы» добушун беришсе.Ал эми 58 мамлекет «Калыс» добуштарын беришкен, Ошондой эле 24 мамлекет анын ичинде Кыргызстан добуш берүүгө катышпаган[1][2].

Добуш берүү жыйыниыгы түзөтүү

«Макул» добуш бергендер түзөтүү

Чечим документинин кабыл алынуусуна БУУ-на мүчө мамлекеттердин ичинен «макул» добушун берген 100 мамлекет:[3][4]:

Америка Кошмо Штаттары, Австралия, Австрия, Азербайжан, Албания, Андорра, Багам аралдары, Барбадос, Бахрейн, Бельгия, Бенин, Болгария, Борбордук Африка Республикасы, Бутан, Венгрия, Гаити, Гватемала, Гвинея, Германия, Гондурас, Грекия, Грузия, Дания, Доминика Республикасы, Жаңы Зеландия, Жапония, Индонезия, Иордания, Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Кабо-Верде, Камерун, Канада, Катар, Кипр, Кирибати, Колумбия, Конго Демократиялык Республикасы, Корея Республикасы, Коста-Рика, Кувейт, Латвия, Либерия, Ливия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Маврикий, Мадагаскар, Македония, Малави, Малайзия, Мальдивдер, Мальта, Маршалл аралдары, Мексика, Микронезия, Молдова, Монако, Нигер, Нигерия, Нидерланд, Норвегия, Палау, Панама, Папуа-Жаңы Гвинея, Перу, Польша, Португалия, Румыния, Самоа, Сан-Марино, Сауд Арабиясы, Сейшел аралдары, Сиерра-Леоне, Сингапур, Словакия, Словения, Соломон аралдары, Сомали, Тайланд, Того, Тринидад жана Тобаго, Тунис, Түркия, Украина, Улуу Британия, Филиппиндер, Финляндия, Франция, Хорватия, Чад, Черногория, Чехия, Чили, Швейцария, Швеция, Эстония.

«Каршы» добуш бергендер түзөтүү

«Каршы» добуш бергендер 11[5]:

Армения, Белорусь, Боливия, Венесуэла, Зимбабве, КЭДР, Куба, Никарагуа, Орусия, Сирия, Судан.

Калыс добуш бергедер түзөтүү

58 мамлекет калыс добушун беришкен[4][5]:

Алжир, Ангола, Антигуа жана Барбуда, Аргентина, Бангладеш, Ботсвана, Бразилия, Бруней, Буркина Фасо, Бурунди, Вьетнам, Габон, Гамбия, Гайана, Жибути, Доминика, Жамайка, Замбия, Индия, Ирак, Камбожа, Кения, Комор аралдары, Казакстан, Кытай, Лесото, Мали, Мавритания, Моңголстан, Мозамбик, Мьянма, Мысыр, Намибия, Науру, Непал, Ооганстан, Өзбекстан, Пакистан, Парагвай, Руанда, Сальвадор, Сан-Томе жана Принсипи, Свазиленд, Сенегал, Сент-Винсент жана Гренадиндер, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Суринам, Танзания, Түштүк-Африка Республикасы, Түштүк Судан, Уганда, Уругвай, Фижи, Шри-Ланка, Эквадор, Эритрея, Эфиопия.

Добуш берүүгө катышпагандар түзөтүү

24 мамлекет добуш берүүгө катышпаган: Белиз, Босния жана Герцеговина, Бириккен Араб Эмирликтери, Конго Республикасы, Кот-д’Ивуар, Гвинея, Гана, Гренада, Гвинея-Биссау, Иран, Израиль, Кыргызстан, Лаос, Ливан, Марокко, Оман, Сербия, Тажикстан, Тонга, Түркмөнстан, Тувалу, Вануату, Йемен, Чыгыш Тимор.

Шилтемелер түзөтүү

  1. БУУнун Баш Ассамблеясынын Украина туташтыгын сыйлоого чакырат. БУУнун Жаңалыктар борбору.
  2. Backing Ukraine’s territorial integrity, UN Assembly declares Crimea referendum invalid.
  3. Добуш берүү.
  4. 4.0 4.1 Генассамблея ООН приняла резолюцию по референдуму в Крыму (фото)  (орусча)
  5. 5.0 5.1 БУУнун Баш Ассамблеясынын Украина туташтыгы тууралуу чечим кабыл алды (27 -март (жалган куран) 2014).(жеткиликсиз шилтеме)