Башбаракты ачуу

Иззат Атаханович Султанов (1910-2001), Ош шаары, Ош облусу, Түркстан - Өзбекстандын зор мамлекеттик жана коомдук ишмери, зор өзбек окумуштуу, академик, адабиятчы, сынчы.

Иззат Атаханович Султанов
өзб. Иззат Отахонович Султонов
Төрөлгөндөгү ысымы:

өзб. Султонов Иззат Отахонович

Туулган датасы:

1910 жыл(1910)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош облусу, Түркстан, Flag of the Kyrgyz Soviet Socialist Republic.svg Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

2001 жыл(2001)

Өлгөн жери:

Ташкент шаары Flag of Uzbekistan.svg Өзбекстан

Жарандыгы:

Flag of the Kyrgyz Soviet Socialist Republic.svg Кыргыз ССР
Flag of the Soviet Union.svg ССРС
Flag of Uzbekistan.svg Өзбекстан

Кесиби:

Өзбекстандын зор мамлекеттик жана коомдук ишмери, Өзбекстан Премьер-министринын орун басары (1945-1948, зор өзбек окумуштуу, академик, адабиятчы, драматург, сынчы.

Карьерасы:

1930 - 1995 жылдары

Багыты:

Өзбекстандын зор мамлекеттик жана коомдук ишмери, зор өзбек окумуштуу, академик, адабиятчы, драматург, сынчы.

Сыйлыктары:

Эки орден, "Шухрат" (Даңк) медалы, көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган, Беруни атындагы Өзбек ССР Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.

Өмүр баяныОңдоо

Иззат Султан 16(29) июнь 1910 жылы Ош шаарында кызматчыларды үй-бүлөсундө туулган. Ал революция чейин Ош шаарынын чыгыш бөлүгүн башкарган улук аксакалы жана миңбашысы молдо Султан Таирбаевдин небиреси. Анын атасы Атахан Султанов Ош уезди башчысынын администрациясынын катчысы жана котормочусу, кийим тигүүчү болуп иштеген. Толук аты-жөнү Иззат Атаханович Султанов - өзбек окумуштуу, академик, адабиятчы, сынчы, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер.

Ош шаарынын орус-тузем мектебинде окууган, анда анын таякеси Балтыходжа Султанов мугалим болуп иштеген. 14 жашында Ташкент шаарына келди жана Нариманов (Намуна) атындагы мектепте окууган, 1929 жылы окуу-тарбиялоо техникумун бүтүргөн, 1930 жылга чейин мектепте мугалим болуп иштеген. 1930-1934 жылдары Ташкент педагогикалык институтунун социалдык факультетин аяктаган. 1931 жылы "Батрак" гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеген. 1932 жылы "Кызыл Өзбекстан" гезитинде биринчи жолу анын адабий-сын макаласы чыккан. 1934-1937 жылдары аспирантурада окуу менен бирге адабий-сын ишин улантты. "Кедей дыйкан" гезитинын редакциясында иштеди. 1937 жылдан баштап Иззат Султановдун активдүү социалдык иши башталган.

Анын агасы Рахматилло өзбек акыны Абдулхамид Чулпан менен жакын дос болгон

Иззат Султан өзүнүн мугалими Абдурауф Фитрат таасири астында адабият теориясы адиси болду. 1939 жылы A. Саъдий жана А. Фитраттан кийин "Адабият теориясы" мектептик окуу китеби жазган. 1980 жылы жогорку окуу жайлар үчүн "Адабият Теориясы" окуу китебин жазган. Иштердин автору: "Мезонул авзон" жана анын сын тексти" (1947 ж), "Пушкин жана өзбек адабияты" (1949 ж.), "Абдулла Кадыри чыгармачылыгы тууралуу" (1958 ж), "20 жылдардын өзбек адабияты чыгармасы методу маселеси жөнүндө" (1953 ж.), "Өзбек совет адабияты жаңы этабында" (1961 ж.) ж. б.

Тарыхый драмалар: "Бүркүт учушу" ((1939-1940 ж.) Хамза атындагы театрда 1942 ж. коюлган) Өзбекстанда Совет бийлигин орнотуу жөнүндө, М.В. Фрунзе Түркстандагы ишкердиги жана өзбек жана орус элдеринин достугу, "Алишер Навои" (Уйгун менен бирдикте, 1940 ж. "Узбекфильм" киностудиясы 1947 ж., Хамза атындагы театрда 1948 ж. коюлган), "Адамдар ишеним менен", 1960 ж. Хамза атындагы театрда коюлган) окумуштуулардын жашоосу тууралуу, "Белгисиз киши", 1963 ж.) Хамза атындагы театр), анда Намоз ууру жасама ат менен белгилүү болгон элдик көтөрүлүшчү элесин жазган. Киносценарийлер автору: "Билбей бастым тикенекти", "Мунара", "Абдулла Кадыринин "Өткөн күндөр" драмасына окшош", "Оопай", "Гений жаштыкта", "Сага баруу", "Ырчы дили" либреттосу (Навои атындагы Опера жана балет театрыда коюлган, композитор М. Ашрафи).

"Навои таануу китеби" (1969 ж.) Иззат Султандын адабий-илимий ишинин жетишкендиги болуп саналат. Бул китеп 1979 жана 1985 жылдары орус тилинде чыккан (которуу А. Зырин). 1967 жылы "Өзбек советтик адабият тарыхы" жамааттык эмгекте катышкандыгы үчүн 1970 жылы Өзбек ССР Беруни атындагы Өзбек ССР Мамлекеттик сыйлык берилген. 1994 ж. "Баховуддин Накшбанд түбөлүктүгү" монографиясын жазган. Иззат Султан дээрлик 40 жылдан бери Өзбекстан илимдер Академиясынын Пушкин атындагы Тил жана адабият институтун сектор башчысынын кеңешчиси, адистештирилген окумуштуулар кеңешинин төрагасы. Ал авторлордун бири эки томдук: "Өзбек адабияты тарыхы очерклери" (1961-1962 ж.) редактору болгон, "Адабият теориясы" (1978-1979 ж.), "Өзбек советтик сын тарыхы" (1987 ж.). Иззат Султандын "Навои таануу китеби"-бул улуу акын жөнүндө аңгеме, анын доору жана чыгармачылыгы. Иззат Султан өзбек классик адабиятынын негизин салган, ойчул жана гуманист Навои келбетин, ички дүйнөсүнүн байлыгын, улуулугун чыгармачылыгын, эрдигин ачты.

Эки орден жана Шухрат (Даңк) медалы менен сыйланган. 1992 жылы биринчилерден болуп Шухрат (Даңк) медалы менен сыйланды.

Иззат Султан 29 июль 2001 жылы каза болду. Ал Ташкент шаарында "Чигатай" мемориалдык комплексинде көмүлгөн.

Жеке жашоосуОңдоо

Атасы - Отахон Султонов (?-1920) Ош уезди башчысынын администрациясынын катчысы жана котормочусу, кийим тигүүчү. Энеси - Бахринисо (1893-1965). Жубайы - Замира Султанова. Балдары: Алишер, Рафик, Раънохон-өзбек тили мугалими, Юлдуз-кийим тигүүчү, Саодат-колледж мугалими, котормочу, Ширин-"Тойота" фирмасынын менеджери, Лайли-Ташкент шаарындагы "Стомасервис" менчик стоматологиянын башкы врачы.

СыйлыктарыОңдоо

Иззат Султан киносценарийлериОңдоо

  • Кинофильм «Алишер Навои», СССР, Союзмультфильм, Ташкентская киностудия, 1947 г. Историко-биографический фильм о жизни узбекского поэта и литератора, учёного-гуманиста и государственного деятеля 15 века Алишера Навои (1441-1501), автора четырёх сборников-диванов и одной из самых изысканных поэм средневековья-«Хамса» («Пятерица»: «Смятение праведных», «Лейли и Меджнун», «Фархад и Ширин», «Семь планет», «Искандерова стена»). Фильм был отмечен Сталинской премией второй степени (1948 г.) Режиссёр: Камил Ярматов, Авторы сценария: Иззат Султанов, Алексей Спешнев. В ролях: Раззок Хамраев, А.Исматов, А.Джалилов, Т.Назарова, С.Талипов, Рахим Пирмухамедов, С.Юнусов.
  • Кинофильм «Одержимый» 1966 год, киностудия «Узбекфильм», режиссёр Захид Сабитов, автор сценария Иззат Султанов, кинооператор Л.Травицкий. Актёры: Закир Мухамеджанов, Тулаган Реджиметов, Гурген Тонунц, Светлана Норбаева, Олим Ходжаев, Антонина Рустамова, Михаил Глузский. Кинокартина об освобождении человека от религиозных и нравственных предрассудков, сковывавших его на протяжении многих столетий.
  • Кинофильм «Навстречу тебе» 1972 год, киностудия «Узбекфильм», режиссёр А. Хачатуров, автор сценария Иззат Султанов, кинооператор А. Измайлов. Актёры: Марат Арипов, Светлана Норбаева, Якуб Ахмедов, Наби Рахимов, Аида Юнусова

Кинофильм «Ураган в долине» 1972 год, режиссёр Тахир Сабиров, автор сценария Игорь Жуковский. В эпизодах снимался: Иззат Султанов.

Академик Иззат Султандын жазган китептериОңдоо

  • Иззат Султанов. Теория литературы. Учебник для школы (Адабиёт назарияси. Мактаблар учун дарслик), Ташкент, 1939 год.
  • Иззат Султанов. Алишер Навои, в сборнике Узбекская советская драматургия, Москва, 1951 г.
  • Иззат Султан. Свет России, журнал «Звезда Востока» № 9 1959 г.
  • Иззат Султан. Пьесы, статьи (Пьесалар, маколлалар), Ташкент, 1959 г.
  • Иззат Султан. О значении творчества Хамзы Хакимзаде Ниязи в формировании метода социалистического реализма в узбекской литературе. В сборнике Вопросы узбекской литературы, Ташкент, 1967 г.
  • Иззат Султан Книга признаний Навои (Навоийнинг қалб дафтари). Издательство литературы и искусства, Ташкент 1969 г.
  • Иззат Султан Произведения в 4-х томах (Асарлар 4 томлик), Издательство литературы и искусства, Ташкент 1971—1974 г.
  • Иззат Султан. Книга признаний Навои. Жизнь и творчество великого поэта со слов его самого и современников. авториз. пер. с узб. А.Зырин; стихи пер. С.Иванов. Изд-во лит. и искусства, Ташкент, 1979 г. 327 с.
  • Иззат Султан Теория литературы (Адабиёт назарияси), Ташкент издательство Укитувчи, 1980 г.
  • Иззат Султанов. Теория литературы. Учебник для филологических факультетов вузов 2-е издание (Адабиёт назарияси. Олий ўқув юртлари филология факультетлари учун дарслик. 406 с. 22 см, 2 нашр) Ташкент, изд-во Укитувчи 1986 г.
  • Иззат Султан Книга признаний Навои. Жизнь и творчество великого поэта со слов его самого и современников Букинистическое издание. Изд-во лит. и искусства, Ташкент 1985 г. 304 стр. Тираж 60000 экз.

Иззат Султан чыгармачылыгы тууралу жазылган китептерОңдоо

  • Большая Советская Энциклопедия в 30 томах. 3-е изд. 1969—1978 г. том 25 стр.63
  • С.Колосова. Энциклопедический словарь псевдонимов 2009 г.
  • Театральная Энциклопедия (под ред. А. П. Маркова). — М.: Советская энциклопедия, 1961—1965. — С.
  • О. Шарафиддинов. В поисках красоты (Гўзаллик излаб, стр. 190—198). Издательство литературы и искусства, Ташкент, 1985 г.
  • О.Шокиров. Критик и литературный процесс (Танқидчи ва адабий жараён), Издательство литературы и искусства, Ташкент 1976 г.

ТиркемелерОңдоо

ШилтемелерОңдоо