Кыргыз хандыгы

кыргыздардын 19-кылымдагы мамлекети.
Кара-кыргыз хандыгы‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргыз хандыгы — азыркы Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө 1841-1867-жж. өз доорун сүргөн мамлекеттик түзүлүш. Ал учурда казактарды "кыргыз" деп тааныган Орусия империясынын аткаминерлери Ормон ханга баш ийген кыргыздарды "кара-кыргыз" деп таанышкан.


Тарыхы түзөтүү

Биригүүгө чейинки абал түзөтүү

XVIII к. ортосунан бери регионалдык-географиялык жайгашуусуна жараша аркалык (түндүк-чыгыш) жана ичкилик, анжыяндык (түштүк-батыш) деп, экиге бөлүнүшкөн Орто Азиядагы кыргыздар XIX к. 30-40-жж. Кокон хандыгы тарабынан каратылып, анын курамында бир мамлекетке биригишкен. Ошондо кыргыз уруу башчыларынын күчтүүлөрү датка, парваначы наамдарын алышып, айрымдары миң башылыкка, аталык болууга да умтула башташкан. Бирок, 1841-жылы Мадалы хандын бийлиги Бухара эмирлиги тарабынан жоюлуп, кокондуктар Бухарага каратылган. Мындан кийин Наманганга жакын жайгашкан Нүзүп миңбашы баштаган кыргыздар, өзбектер, тажиктер жана кыпчактар хан тукумунан Шералыны пайдаланышып, Кокон хандыгын кайра калыптандырууга бел байлашкан. Ал эми ошол эле убакта казактар Кенесары Касым уулунун жетекчилигинде Казак хандыгын калыптандырышса, азыркы Кыргызстандын түндүгүндөгү урууларды парваначы Ормон Ниязбек уулу өзүнчө Кыргыз хандыгына бириктирүүгө умтула баштаган.

Ормон хандын мезгили түзөтүү

Хандыктын түптөлүүсү түзөтүү

Орто Азияда жүрүп жаткан ушундай саясий жараяндын ыргагына жараша, кыргыз эли да 1841–жылы күзүндө Ысык-Көлдүн батышындагы Кызыл-Токойдо (Тармал-Сазда)  кыргыз элинин элитасынын курултайын өткөзүшүп, Ормон Ниязбек уулун (1792-1855) кыргыздардын ханы деп жарыялашкан.

Тарыхчы Саул Абрамзондун маалыматы боюнча, ал курултайда  Жангарач Эшкожо уулу (солто уруусунан), Медет Байтүгөл уулу (саяк), Балбай Эшкожо уулу (бугу), Жантай Карабек уулу (сарыбагыш) жана Кыргызстандын түштүгүнөн (Кокон ханынын өкүлү катары) да бийлик ээлери катышышкан[1]. Профессор Кушбек Усенбаев буларга кошумча Боронбай Бекмурат уулу (бугу), Муратаалы Пирназар уулу (бугу), Аалыбек Кетрекей уулу (саяк), Шорук бий, Ажыбек Алчыкен уулу (саруу-кушчу) жана Алымбек Асан уулунун (адигине – Алай, Анжыян тараптан) да катышканын белгилейт[2]. Элдик уламыштардын маалыматында бул аземге дагы Качыке Түлкү уулу (саяк), Ажыбек баатыр (черик), Медербек (жетиген)[3], Тогуз-Тородон Карбоз Манаке уулу (саяк) катышышкан[4].

Кызыл-Токойдогу хан көтөрүү аземи байыркы көчмөн элдеринин салттарына ылайык Ормонго кызыл тебетей кийгизилип, ак кийизге отургузулуп, «хан» деп жарыяланган. Аземге катышуучулардын ант берүүсү (чырпык кесүү) менен 9 ак боз жылкы курмандыкка чалынып, бүткүл кыргыз ханынын  жогорку бийлиги мыйзамдаштырылган эле.

Ормондун ата-бабалары кылымдар бою түндүк-чыгыш (аркалык) кыргыз урууларынын конфедерациясында эң таасирдүү бийлерден болушкандыгы, демек анын тектүү уруктан болгондугу ал үчүн хан болуу укугун ырастаган. Ормондун өз атасы Ниязбек бий, чоң атасы Эсенгул бий, бабасы Болот бий, 4-атасы Мааматкул бий, 5-атасы Үчүкө баатыр, 6-атасы Сарсейит бий, 7-атасы Манап бий болгон.

Кокон чептерине кол салуу түзөтүү

Тарыхчы Белек Солтоноев калтырган маалымат боюнча, Ормон хандын аскер башчыларынан саналган, көлдүк саяк кыргызынан Кетирекейдин уулу Алыбек баш болгон кыргыз жоокерлери Куртка чебиндеги кокондук аскерлерге кол салышкан. Кыргыздар бир нече күндөн соң жеңип, далай сарбоз өлтүрүлүп, колго түшкөн мылтык, кылычтарды Ормон ханга тапшырып беришкен.

Сыягы, ушул окуядан кийин ак-талаалык жана тогуз-торолук кыргыздардын башчысы болгон Осмон датка Тайлак уулу Ормон ханга барып, кудалашкан жана бийлигин тааныган.

Кыргыз-казак согушу (1846-47) түзөтүү

1847-жылы апрель айында Кенесары хан баштаган 15 миңдей казак аскерлери Кыргыз хандыгынын аймагына кирип келген. Кыргыздар менен казактардын ортосунда бир канча күнгө созулган согуш башталып, анда кыргыздар Ормон хандын "Ормон опуза" деген согуштук-тактикалык планынын жардамы менен жеңишке жетишкен. Туткундалган казак ханынын тагдырын чечүүдө кыргыз манаптары эки жаат болуп талашып, акыры өлүм жазасына тартылуусун каалагандардын чечими ишке ашкан.

22-август 1847-жылы Копал шаарында, Орусия империясынын өкүлдөрүнүн ортомчулугунда кыргыздар менен казактар тынчтык жолу менен достошуу келишимин түзүшкөн. Келишим эки бөлүктөн туруп, биринчиси – кыргыздарга, экинчиси – казактарга таандык болгон.

Келишимдердеги кыргыздарга тиешелүү айрым жерлери төмөндөгүдөй:

1. Россия мамлекетинин төбөлдөрү болгон Улуу жана Орто жүз казактары менен достукта жана тынччылыкта жашоого, барымта, каракчылык жана өлүм жаратуучулукту жасабоого милдеттенебиз. Ортобуздагы маанилүү эмес талаштарды биздин талаа мыйзамдарыбыздын негизинде, эки тараптык макулдашуулукта чечишип канааттанабыз.

2. Бул келишимдердеги шарттарды ыйык сактоого кепилдик беребиз жана аны бузбайбыз. Эгер биз кичине эле жерден аларды аткарбасак, анда Кудайдын каарындагы жоопкерчиликте болобуз. [60, с.106-110].

Тышкы саясат түзөтүү

Кыргыздардын борборлоштурулган мамлекетин калыбына келтирүү жараяны 1841-жылы Ормонду хан көтөрүү аземи менен эле аягына чыгарылган. Кыргыз мамлекети өзүн өзү сактоого жөндөмдүү экендигин 1845-1847-жылдардагы казак ханы Кенесары Касым уулунун Кыргызстанга жасаган жортуулдарынын мизин кайтарып, алардын жоокердик күчтөрүн жеңүү менен ырастаганы көпчүлүккө белгилүү.

1847-1848-жылдары Ормон хандын жоокерлери Кыргызстанга жортуулга келишкен Кокон ханынын аскерлерин эки жолу жеңилүү ызасын тарттырышкан [49, с. 70-71].

Кашкарда көтөрүлүш аркылуу жаңы бийликке 1847-жылы убактылуу женишкен “Жети кожолор” мамлекети менен Ормон хан саясий байланышта болгон [49, с. 69].

Осмонаалы Сыдыков белгилегендей, Ормон хан болуп турганда казактардын, кыргыздардын бирин да жазалабаганга, мал-башына да зыян келтирбегенге аракет кылган. Ал орус элчилерине сыр көрсөтүп, тосуп алууга өзү чыкпастан, кишилерин жиберип, алыстан узатып турган. Ошондой эле, Ормон хан бир канча төөгө курал-жарак жүктөтүп, хандык сүрүн көрсөтүү үчүн дарга курдуртуп, ага бирөөнү асууга даярдап жаткандай түр көрсөтүп, түрдүү айла-амал колдонуп тургандыктан «Ормон опуза» деген сөз чыккан.

Ички саясат түзөтүү

Белек Солтоноев кабарлагандай, Ормон хан болуп турганда солто, саяк, бугу, таластык кыргыздардын арасында уурулукту, майдалап жылкы алышууну эске албаганда, уруулар аралык эч чатак болгон эмес. Анын тушунда солтодон Жангарач, бугудан Боронбай, саяктан Чыны бийлер бири-бири менен кудалашып, достошуп, аралары жакындаган. Ысыккөлдүк уруулардын бийи болгон Боромбайдын Өмүрзак деген уулуна Ормон хан өзүнүн Кулан деген кызын берген.

Илеге болгон экспансия түзөтүү

Б.Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхында" жазган маалыматына караганда, 1850—51-жылдарда кыштын күнү Ормон хан 600 түтүнү менен, Ысык-Көлдүн түндүк жагындагы кар басып бекип калган белди 80 тукур минилбеген ат менен буздуруп ашып, Иле багытына түшкөн. Иледеги казактар Ормон ханды ызат менен кабыл алышып, баш ийишкен. Ушундай жол менен ал кыргыз-казак арасындагы жылкы тийүүнү, уурулукту токтоткон.


1852-жылы 23-мартта Россиянын падышасы Николай I ге Ормон хандын жазган катында анын Кыргыз мамлекетинин жер аймактарын тактоого аракеттенип, казактар менен чектеш Или дарыясынын оң тарабын ээлеп, байтактысын ошол жакка көчүрүүгө болгон далалатын көрүүгө болот.

1853-жылы кыргыздар Иледен кайтып кетишкен.

Ормон хандын өлүмү түзөтүү

1854-жылы ич ара мамилелер боюнча сүйлөшүүлөр үчүн бугу уруусуна барган Ормон хан капысынан туткундалып, Балбай тарабынан өлтүрүлгөн.

Ормон хандан кийинки мезгил түзөтүү

Кыргыздардын борбордоштурулган мамлекети Ормон хандын башкаруучулугунда 14 жыл толук кандуу өкүм сүрүп, андан соң, анын уулу Үмөтаалынын жетекчилигинде дагы 12 жыл жашаган. Ормон хандын уулу Үмөтаалынын атасынын хандык бийлигин мурас катары ээлегендиги жөнүндө 1856-жылы Ш. Уалиханов [8, с. 324], 1856-жылы П. П. Семенов [67, с. 207], 1867-жылы Н.А. Северцов [65, с. 306-311] белгилеп кетишкен. Бирок, Үмөтаалынын бийлигин жана хандык даражасын бардык эле манаптар эмес, анын жакын санаалаштары гана кабыл алгандыгы анык. Ормон хандын өлүмүнөн соң, баатыр башы Төрөгелди өз билгенинче иш жүргүзүп, бугу-сарыбагыш чатагын козгосо, калган манаптар хандыктан бөлүнүп чыгып, Орусия империясына бирден багынып беришкен.

Ысык-Көлдөгү жарандык согуш түзөтүү

Бул чабыш Төрөгелди баатырды бошотуп алуу үчүн болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин аяктаган.

Уруулардын хандыктан бирден бөлүнүп чыгуусу түзөтүү

Орусия империясы казактарды каратып, 1854-жылы Верный чебин (азыркы Алматы шаары) курушкандан кийин, кыргыздарды каратууга чындап киришкен эле. 1855-жылы 7-январда бугу уруусунун атынан Качыбек Шераалы уулунун ант берүүсүнөн кийин Кыргызстандын Орусияга каратылышы башталган. Орус бийлиги Кыргызстанды каратууну ар кыл айла-амал менен ишке ашырган. Мисалы, орус аскерлери улам казактарды кыргыздарга каршылаштырып, кыргыз манаптарынын ынтымагын ыдыратуу үчүн улуу жүз казактарына атайын жашыруун көрсөтмө да берген. Натыйжада сарыбагыштардан Жантай башкарган тынай уруусу орус бийлигин кабыл алууга макулдук берсе, Үмөтаалы Ормон уулу буга каршы болгон. Бишкек чебинин беги Рахматулла менен касташкан солтолордон Байтик Канай уулу орус бийлигине жакындашса, Жаңгарач орус бийлигине каршы чыккан.

1860-жылы сарыбагыш уруусунун жетекчилерин колго түшүрүп, жазалоо максатын көздөгөн капитан Венюковдун отряды келгенде Үмөтаалы менен Төрөгелди Нарын, Ат-Башы тарапка эли менен көчүп кетишкен. Алар орустар менен кокондуктардын ортосундагы 1860-жылы жай, күз айларындагы Кастек жана Узун-Агачтагы салгылаштарда Алымбек датканы колдошкон. Кокон ханы Мала хан тарабынан куугунтукталган Алымбек датка 1861-жылы Нарын аймагына келгенде, Үмөтаалы ага чоң жардам көрсөткөн.

1862-жылы орустар Токмок, Пишпек чептерин каратышат. 1863-жылы орус аскерлери Куртка чебин караткан. Ошол эле жылы Ат-Башыдагы черик уруусу орус бийлигин тааныган. Кара кыргыз хандыгынын аймагын жаңы келген орус баскынчылардан бошотууну Үмөтаалы Ормон уулу уюштуруп, аракеттенгени белгилүү [72, с. 75; 11, с. 259-260]. 1863-жылы 18-июнда ал жоокерлери менен Нарын тарапка бара жаткан орус почта кызматчыларына кол салып, бирөөсүн опат кылган [41, л. 121об.-122об.], ал эми анын эртеси 19-июнда Үмөтаалы өзүнүн туугандары жана саяк уруусунун манабы Осмон Тайлак уулунун жана башка уруу башчыларынын колдоосу менен Нарын суусунун боюнда Курткага жакын Экичат деген жерде, миңдеген жоокерлерди топтоп, кыргыз байрактарын желбиретип, добулбстардын коштоосунда подпоручик Зубарев кол башчылык кылган ок-дары, тамак-аш алып келе жаткан 40 солдаттан турган орус жоокерлерин үч күн курчоого алып, аткылашып жатканда, орустарга капитан Проценконун кошууну жардамга келиши менен курчоого алгандар чегинип кетишкен [53, л. 32-36].

1864-жылы 5-июнда полковник М. Г. Черняевдин отряды (2500 аскер) Олуя-Атаны алып, отряддын бир бөлүгү Талас аркылуу өтүп, Чаткалды ээлеген. Ушул жылы Кокон хандыгынын иш жүзүндөгү толук башкаруучусу болгон кыргыз Алымкул аталык Тогуз-Тородон Кочкорго чейин жүрүш жасаганда, Үмөтаалы ага кошулган. Бирок, Коконго караган Чымкенди орустар басып алганына байланыштуу Коконго кайтып кетип, Ташкен шаарын коргоодо Алымкул курман болгондон кийин, Үмөтаалы ишенген адамдардан Чаргын менен Осмон гана калат.

1865-жылы Жумгал, Суусамыр, Кетмен-Төбө, Нарынды жердеген саяк уруулары орус бийлигине өтүүгө ант беришет.

1864-67-жылдары Үмөтаалы Атбашы, Нарындан Кашкарга чейинки аралыкты ээлеп, Кокон, Кашкар кербендерин тоноп жана орус бийлигин кабыл алган кыргыз урууларына кол салып турган.

1867-жылы Кашкарда Жакыпбек бийликке отургандан кийин, ал Үмөтаалыны бир жагынан кыса баштаса, экинчи жагынан орус аскерлери да 1867-жылы жайында полковник Полторацкийдин жетекчилигинде Ат-Башы, Чатыр-Көл аймактарына экспедиция уюштурушкан.

Хандыктын жоюлушу түзөтүү

1867-жылы Үмөтаалы Орусия империясынын бийлигин тааныйт. Ал өз жайыттарына кайтып келе алуусу үчүн Туркестан генерал-губернатору, "жарым падыша" атанган Константин Петрович Фон Кауфмандын 20-октябрь 1867-жылкы буйругу менен согуштук окуяларда жапа чеккендерге кун (штраф, тагыраагы  – контрибуция) төлөөгө мажбурланган. Ошондон кийин да 1868-жылы Үмөтаалынын досу Осмон датка Тогуз-Тородон орус аскерлерине кол салып, Кашкар тарапка көчүп кеткен.

Башкаруу түзүмү түзөтүү

Ормон хандын негизги кеңешчиси болуп кыргыз элинин белгилүү акылман ойчулу Калыгул Бай уулу дайындалган.

Хандын алдында Чоң жана Кичи кеңеш курамы уюшулган. Биринчисинде: Калыгул Бай уулу, Жангарач Эшкожо уулу, Жантай Карабек уулу, Шамен Куттуксейит уулу, Миңназар, Ажыбек, Жаманжээн жана башкалар болгон. Кичи кеңеште: Медербек менен Миңназар туруктуулукта көбүнчө сот иштери менен алектенип, аткаруучулук багытта иш алып барышкан.

Аскер башы, ички жана тышкы иштерди тейлөөчү башкаруучулар (бүгүнкү министрлер) дайындалган. Алардын бири, алгачкы аскер башчылыгына (Коргоо министри) Алыбек баатыр Кетрекей уулу (Ормондун бир тууган жездеси [72, л. 135]), кийин Ормондун жакын инилеринен Адыл, Төрөгелди баатырлар дайындалган.

Тышкы иштер министринин милдетин Байсерке аткарган. Атайын ыйгарымдуу элчилери катары, Чал Түлөберди (архив документинде – Түгөлбай [45, л. 43]) уулу, Саза молдо Калча уулу жана сабаттуу Байгабыл Мышыкбай уулу деген адамдар эле [51, с. 4; 56, с. 47-55].

Ормон хандын жеке өзүнө караштуу 30-40 адамдан турган мылтыкчан мергендери болуп (мылтыктарын чампан атаган), дайыма аларды бышыктырып (машыктырып) турган. Тарыхчы Белек Солтоноев бул мергендердин башчылыгында саяк кыргызынан, казак тукумунун уругунан Дада менен Бердибек болгондугун айтат.

Аймактык чеги түзөтүү

Ормон ханга Ысык-Көлдүн Күнгөйү менен Тескейи жана Чүй өрөөнү, ошондой эле Жумгал, Кочкор, Нарын жана Кетмен-Төбөдөгү кыргыздар баш ийип турган.

Мамлекеттик символдору түзөтүү

Ормон хандын жасалгаланган хан тахтысы, өздүк мөөрү жана туусу [44, л. 16]  болгон.

Мыйзамы түзөтүү

Ормон хандын негизги саясий ишмердүүлүгүнүн багыты – уруулар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана күчтүү борборлоштурулган кыргыз мамлекетин кайра түзүүгө багытталган эле. Ал эң оболу кыргыз коомундагы мыйзамдуулукту орнотууга киришип, бекем тартипти сактоо иретинде байыркы үрп-адатка негизделген жаңы мыйзамдарды иштеп чыгып, чоң түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ал элдин эсинде  «Ормон окуу» деп сакталган.

Мыйзамдарды бузган адамдарды жазалоочу жайы – даргасы болуп, анда ар убакта күнөөгө тартылгандардын денелери илинип турганын тарыхый булактар ырастайт [9, с. 38].

Ормон хан мамлекеттеги мыйзамдын аткарылуусуна абдан көңүл бурган. Мисалы, тынай уруусунун манабы болгон Жантай өзүнүн аймагындагы ашынган уурулукту токтотуп берүүсү үчүн ханды Боролдой деген жерге көчүрүп келген. Ормон хан ууруларды карматып, уурдалган ар бир мал үчүн 9 мал төлөөгө мажбурлаган. Ошондой эле, көптөгөн коңшу журттардын жылкыларын тийип, тартып алуу менен алектенген Балбай баатырды карматып, орго салдыргандыгы маалым.

Сын пикирлер түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Абрамзон С. У истоков манапства/Экспедиционный очерк//Советская Киргизия. 1931. 2-3-б.
  2. Усенбаев К. Ормон хан. Бишкек, 1999. - 30-31-б.
  3. Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу-XX кылымдын башы). Бишкек, 2003. - 40-б.
  4. Орунбеков Б. Карбоз ата жана бабалары. Бишкек, 2014. - 3-б.