Мамадали Курбанович Курбанов (1905, Үч-Коргон кыштагы, Ош уезди, Түркстан — 1976, Ош, Кыргыз ССРи) — Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын мамлекеттик, саясый жана коомдук ишмери, Тажикстан Премьер-министри (1937-1946), 1 жана 2 чакырылыштагы ССРС Жогорку Совети депутаты.

Мамадали Курбанович Курбанов
Мамадали Курбанович Курбанов
Желек
Желек
Тажикстан Премьер-министри (1937-1946), 1 жана 2 чакырылыштагы ССРС Жогорку Совети депутаты.
16-сентябрь 1937 — апрель 1946
Андан мурунку: Урумбай Ашуров
Андан кийинки: Жабар Расулов
 
Жарандыгы: Түркстан
 Кыргыз ССР  ССРС
Дини: Ислам
Туулган жылы: 1905 жыл(1905)
Туулган жери: Үч-Коргон кыштагы, Ош уезди, Түркстан,  Кыргыз ССР
Каза болгон жылы: 14 -май 1976(1976-05-14)
Каза болгон жери: Ош шаары Ош облусу  Кыргыз ССР
Мүрзөсүнүн орду: Ош шаары Сулайман-Тоо
Атасы: Курбан
Жубайы: Рахимахон Тожибоевна Султонова (1928-2006)
Балдары: Дилшод, Серго-Шахзада (22.04.1964) - ООО «УГМК-Холдинг» коомунун башкы мүдүрүнүн орун басары, эки кызы Ташкен шаарында жашайт.
Партиясы: КПСС
Билими: Тоо-кен казып алуу факультетине караштуу жумушчу курстары
Ишмердүүлүгү: 1924 - 1967 жылдары
 
Сыйлыктары:
Ленин Ордени  — 1939 Ленин Ордени  — 1944 «Ардак Белгиси» ордени  — 1940
1-даражадгы Ата мекендик согуш ордени
1-даражадгы Ата мекендик согуш ордени
«Ардак Белгиси» ордени «Ардак Белгиси» ордени

Өмүр баяны түзөтүү

Мамадали Курбанов январь 1905 жылы Үч-Коргон кыштагы, Ош уездинда кедей дыйкан үй-бүлөсундө туулган, улуту тажик. Ал революция чейин Ош шаарынын чыгыш бөлүгүн башкарган улук аксакалы жана миңбашысы молдо Султан Таирбаевдин күйөөсү болгон. Анын уулу Серго-Шахзада ООО «УГМК-Холдинг» (Урал тоо-кен-металлургия компаниясы) азыркы учурдагы башкы директорlдун орун басары болуп иштейт. Орто-кесиптик билимга ээ, тоо-кен казып алуу факультетине караштуу жумушчу курстарын бүткөн.

Эмгек жолун Кызыл-Кыя көмүр кенинде кенчи болуп баштаган. 1930 жылдан ВКП(б) мүчөсү. Кызыл-Кыя кенчилери ичинен белгилүү мамлекеттик ишмерлер жетишкен. Алсак, кенчи Төрөбай Кулатов Кыргыз ССР Совнарком төрагасы болду, андан кийин Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, ошондой эле Мамадали Курбанов 1937 жылдан 1946 жылгача Тажик ССР Совнарком төрагасы болгон.

1937 жылы Тажик ССР Министрлер кеңеши торагасынын орун басары, Тажик ССР дыйканчылык эл комиссары.

16 сентябрь 1937 жылдан апрель 1946 жылгача Совнарком - Тажик ССР Министрлер Кеңешинин төрагасы. Тажик ССР Совнарком төрагасынын ордуна Тажикстан Компартиясы 3 съездинде бекитилген. Анын жетекчилиги астында бул жылдары Тажикстандын борбору - Дүйшөмбү шаары курулган, Памирге кеткен "Ош-Хорог" жолу курулушу жүргүзүлгөн, Тажикстандын биринчи ГЭСи - Варзоб ГЭСи курулган. Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында жана согуштан кийин Тажикстан фронтке айыл чарба продукциясын, азык-түлүк, пахта, ок-дарылар жана башка продукциялар жеткирген.

Бул мезгилде Ош шаарында курулушу жүргүзүлгөн жана пайдаланууга Ош пединститути (азыр - Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусу) тапшырылган, Ак-Буура дарыясы үстүндө жайгашкан чоң темир бетон көпүрө (шаардын оң жээги жана сол жээги менен биринчи жолу бириктирген), автоматтык жана шаар аралык телефон станциясы курулду. Ал учурда 1957 жылы шаардын негизги бөлүгү арык суу ордуна суу тармактарынан ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Ошондой эле, 1959 жылы Советтик Союзда экинчи (Кишинёвдан кийинки) эсептелген терең артезиан кудуктар учун насостор чыгаруу боюнча ишкана түзүлгөн.

1960-1967 жылдары - Памир өндүрүштүк автотранспорт ишканасынын башкы директору, ал Тажикстанга эл-чарбалык жүктөрдү "Ош-Хорог" автомагистрали аркылуу ташыган. Анын башкаруусу астында 1120 кызматкерлер иштеген. 1960 жылдан тартып - Курбанов Буткул союз маанидеги персоналдык пенсионер.

ССРС Жогорку Советинин Союз Кеңешинин 1 жана 2 чакырылыштагы депутаты, ССРС Жогорку Советинин бюджеттик комиссиясынын мүчөсү, Тажикстандын Куляб округунан депутаты. 1937-1948 жылдары Тажик ССР Жогорку Кеңештин депутаты. Ош облустук Кеңештин, Ош шаардык Кеңешинин депутаты. 1939-1952 жылдары ВКП(б) Борбордук Текшерүү комиссиясынын мүчөсү.

КПСС БК Саясый бюро мүчөсү Анастас Микоянды[2] досу болгон. Анын уулу Серго-Шахзада Курбанов (22.04.1964 жыл) Урал тоо-кен-металлургия компаниясынын башкы директордун орун басары болуп иштейт[3].

14 май 1976 жылы каза болду. Ал Ош шаарынын Сулайман-Тоонун түштүк капталында чоң урмат менен көмулгөн.

Жеке жашоосу түзөтүү

Атасы - Курбан - кедей дыйкан. Жубайы - Рахимахон Тожибоевна Султонова (1928-2006) улуту өзбек. Балдары: Дилшод, Серго-Шахзада (22.04.1964) - ООО «УГМК-Холдинг» коомунун башкы мүдүрүнүн орун басары, эки кызы Ташкен шаарында жашайт.

Сыйлыктары түзөтүү

Түбөлүк эсте сактоо түзөтүү

Адабият түзөтүү

  • Справочник по истории Коммунистической партии и Советского Союза 1898-1991 годы.
  • Энциклопедия Таджикистана.
  • Коммунистическая Энциклопедия.
  • Книга «Документы советской истории». Советское руководство переписка. 1928-1941 г. часть 5. стр.379.
  • Личное дело депутата Верховного Совета СССР 2 созыва Мамадали Курбанова хранится в Государственном архиве РФ (личное дело № Р7523 48 598 из 9 листов).
  • Личное дело Мамадали Курбанова хранится в Государственном архиве РФ (личное дело № 544 из 19 листов) даты дела: 12 декабря 1937-10 февраля 1946.

Тиркемелер түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү